14-берене
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 20-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ротациялоо бирдей кызмат орундарына же болбосо бир топтун чегинде жүргүзүлөт. Кызматчыны төмөн турган кызмат орундарына ротациялоодо кызматчынын эмгек акысы кийинки кайра уюштурууга, милдеттердин жана функциялардын өзгөрүшүнө байланыштуу уюштуруучулук түзүмү өзгөргөнгө жана эмгек акы төлөө шарттарынын жакшырышына чейин мурдагы кызмат орду боюнча сакталат.";
2) 21-беренеде:
а) 5-бөлүктө "көлөмдө" деген сөз "тартипте жана көлөмдө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүктө "кадрлар резервинде турган" деген сөздөр "квалификациялык талаптарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 30-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганда же кайра уюштурулганда, анын штаты кыскарганда кызматчыга анын кесибин жана квалификациясын эске алуу менен кызмат орундарынын тиешелүү категориясынын чегинде башка иш сунуш кылынууга тийиш. Бош орун жок болгон жана иштен бошотулуп жаткан кызматкердин макулдугу болгон учурда, ага кийин кайра уюштурулганга, милдеттердин жана функциялардын өзгөрүшүнө байланыштуу уюштуруу түзүмү өзгөргөнгө жана эмгек акы төлөө шарттарынын жакшырышына чейин мурдагы кызмат орду боюнча орточо эмгек акысын сактоо менен төмөнүрөөк категориядагы башка кызмат орду берилет.";
4) 37-берененин 1-бөлүгүнүн 13-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230011962/st-14" title="14-берене - Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>