13-берене
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин 6-пунктунда "жана бажылык" деген сөздөр алып салынсын;
2) 27-берененин 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү;";
3) 29-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу шарттарын зарыл материалдык жана финансылык каражаттар менен мамлекеттик камсыз кылуу тартибин бир убакта белгилөө менен мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын негизинде, ошондой эле келишим менен жүзөгө ашырылат.";
б) 5-бөлүктүн биринчи абзацы "мыйзамдар" деген сөздөн кийин "жана башка ченемдик укуктук актылар" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 30-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жергиликтүү кеңештер - ушул Мыйзамда, шайлоо жөнүндө жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте айыл аймактарында, шаарларда жергиликтүү коомдоштуктар тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.";
5) 33-берене төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-бөлүктөр менен толукталсын:
"21. Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы тиешелүү аймактын шайлоо комиссиясынын көмөктөшүүсүндө мурдагы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан тиешелүү кеңешти шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин жаш курагы боюнча эң улуу депутаты ачат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине жергиликтүү кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо маселелери жана жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруунун башка маселелери киргизилет.
22. Жаңы түзүлгөн айыл аймактарында жана шаарларда жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү кеңешти шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат.";
6) 34-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 11-пунктта "ошондой эле мыйзамдарга ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди бекитүү" деген сөздөр "ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу, башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди мыйзамдарга ылайык бекитүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:
"111) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитүү;";
7) 38-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Калкынын саны 6000 адамга чейинки жергиликтүү кеңештердин ишин айыл өкмөттөрүнүн аппараттары камсыз кылат, калкынын саны 6001ден 20000 адамга чейинкилерди - жергиликтүү кеңештердин жооптуу катчылары, калкынын саны 20001ден жогору болгондорду - Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү кеңештер түзүүчү аппараттар камсыз кылат.";
8) 40-берененин 6-бөлүгүндө "эмгек акынын" деген сөздөр "бир күндүк эмгек акьгаьга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 42-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин чектери өзгөргөн учурларда, же болбосо Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу;";
10) 45-беренеде:
а) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шаардын мэриясы:";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 131 - 133-пункттар менен толукталсын:
"131) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен иш жүргүзөт;
132) шаардын административдик чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерди, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүнү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөөнү уюштурат;
133) калктуу конуштун ичинде суу пайдалануунун, ирригациялык курулмаларды эксплуатациялоонун, күтүүнүн эрежелерин белгилейт;";
11) 48-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41) кесиптик кызматтык ишин туруктуу негизде жүргүзгөн жана эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен алган маданият жана спорт кызматкерлерин Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;";
12) 51-берене төмөнкүдөй мазмундагы 91 - 93-пункттар менен толукталсын:
"91) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен иш жүргүзөт;
92) мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерди, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүнү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөөнү уюштурат;
93) калктуу конуштун ичинде суу пайдалануунун, ирригациялык курулмаларды эксплуатациялоонун, күтүүнүн эрежелерин белгилейт;";
13) 54-берене төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:
"81) кесиптик кызматтык ишин туруктуу негизде жүргүзгөн жана эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен алган маданият жана спорт кызматкерлерин Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;";
14) 55-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
15) 56-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"56-берене. Айыл башчысы
1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен айыл аймагынын өзүнчө жайгашкан калктуу конуштарында жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысы эмгек келишиминин негизинде ишке жалданып алынышы мүмкүн.
2. Айыл башчысынын милдеттери жана функциялары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аныкталат.";
16) 62-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жергиликтүү курултайдын ишин уюштуруу жана анын тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен аныкталат.".
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230011962/st-13" title="13-берене - Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>