11-берене
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-берененин 2-бөлүгүндө "4 жыл" деген сөздөр "5 жыл" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 13-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 15-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин жана жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуу акысын бекитүү;";
4) 20-берене:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 141 - 143-пункттар менен толукталсын:
"141) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен иш жүргүзүү;
142) шаардын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерди уюштуруу, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө;
143) калктуу конуштун ичинде суу пайдалануунун эрежелерин белгилөө, ирригациялык курулмаларды эксплуатациялоо, күтүү;";
б) 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21) жер мыйзамдарында аныкталган компетенцияга ылайык чечим түрүндө жерлердин бардык категорияларын жана жерлердин түрлөрүн жерлердин башка категорияларына же жерлердин түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) же которууга макулдук берүү;".
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230011962/st-11" title="11-берене - Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>