10-берене
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2013-жылдын 12-июлу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) берененин аталышы жана 1-бөлүгү "Мыйзамдын", "мыйзамдын" деген сөздөрдөн кийин ", башка ченемдик укуктук актынын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүктө:
- биринчи абзац "мыйзамдар" деген сөздөн кийин ", башка ченемдик укуктук актылар" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2 жана 7-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 5 жана 6-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 4 жана 5-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө ушул Мыйзамдын 3-беренесинин жоболорунун талаптары сакталууга тийиш. 5-берене. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды келишимдин негизинде берүү
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде, ушул Мыйзамдын 3-беренесинин жоболорунун талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет.";
3) 9-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча милдеттерди аткаруучу адиси Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча милдеттерди аткаруучу адиси контракттын негизде (эмгек келишиминин негизинде) жалданат, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.";
4) 10-беренеде:
а) 1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы "мыйзамда" деген сөздөн кийин ", башка ченемдик укуктук актыда" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 12-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жөнүндө отчет мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыда же келишимде белгиленген мөөнөттөрдө берилбеген учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыда же келишимде каралган жоопкерчиликти тартат.";
6) 14-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 1-пункт "мыйзамдын" деген сөздөн кийин ", башка ченемдик укуктук актынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзам, башка ченемдик укуктук акт белгиленген тартипте күчүн жоготту деп таанылганда;";
б) 3-бөлүк "Мыйзамдын" деген сөздөн кийин "жана башка ченемдик укуктук актынын" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 4-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик органдын сунуштамасын карайт, көрсөтүлгөн себептердин аныктыгы белгиленгенде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө же аны күчүн жоготту деп таануу жөнүндө тиешелүү ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын тиешелүү долбоорун демилгелейт.";
г) 5-бөлүктүн биринчи абзацында "Мыйзам" деген сөз "Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 6-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштамасын карайт, көрсөтүлгөн себептердин аныктыгы белгиленгенде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө же аны күчүн жоготту деп таануу жөнүндө тиешелүү ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын тиешелүү долбоорун демилгелейт.";
7) 15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"15-берене. Чыр-чатактарды жана талаш-тартыштарды чечүү
1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
2. Талаш-тартыш жана пикир келишпестик тараптар тарабынан чечилбеген учурда, бардык пикир келишпестиктер ушул Мыйзамдын 14-беренесинде белгиленген тартипте чечилет.".
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 09.07.2013 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230011962/st-10" title="10-берене - Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>