29-берене. Убактылуу коргоо ордеринин шарттары
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
1. Убактылуу коргоо ордери бир эле учурда төмөнкүдөй шарттарды карайт:
1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын баласы/балдары же үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын баласы/балдары менен түз жана кыйыр байланышка тыюу салуу;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен бирге жашаган (турган) жерде болууга тыюу салуу;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамды, эгерде ал үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга белгисиз жерде болсо, аны жеке өзү же үчүнчү адамдар аркылуу издөөгө, куугунтуктоого тыюу салуу;
4) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү оңдоп-түзөөчү программага ылайык зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү милдетин.
2. Убактылуу коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптар менен сотко кайрылууга укугу жөнүндө маалыматты, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилиги тууралуу маалыматты камтыйт.
3. Убактылуу коргоо ордеринин формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
28) 30-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган талаптар боюнча доо арызына убактылуу коргоо ордеринин көчүрмөсү же аны жасаган адамга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалгандыгынын фактысы боюнча сот актысынын көчүрмөсү тиркелет.";
29) 32-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пункттагы "жашы жете элек балдар менен катташуу бөлүгүндө" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
30) 35-берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "35-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык-психологиялык жардам көрсөтүү";
31) 36-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Укуктук статистика жана эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, укуктук статистиканы жана эсепке алууну жүргүзүү прокуратура жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.".
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230011682/st-29" title="29-берене - Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>