28-берене. Балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга карата убактылуу коргоо ордери
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарга карата убактылуу коргоо ордери алардын мыйзамдуу өкүлүнө же болбосо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө, же болбосо ички иштер органынын жашы жете электердин иштери боюнча кызматкерине берилет.
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата убактылуу коргоо ордери алардын мыйзамдуу өкүлүнө же болбосо социалдык өнүктүрүү органынын аймактык бөлүмүнө берилет.
3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата убактылуу коргоо ордери алардын жеке өзүнө берилет, ал эми аны өз алдынча алуу мүмкүнчүлүгү болбогондо, аймактык социалдык өнүктүрүү органына берилет.
4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарга карата убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө маалымат ички иштер органдары тарабынан үч күндүк мөөнөттө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө, ички иштер органынын жашы жете электердин иштери боюнча кызматкерине, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жиберилет.
5. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө маалымат ички иштер органы тарабынан үч күндүк мөөнөттө социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жиберилет.
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230011682/st-28" title="28-берене - Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>