1-берене
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-глава төмөнкүдөй мазмундагы 71-1-берене менен толукталсын:
"71-1-берене. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү
1. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү адам ушул Кодекстин 177-беренесинде каралган кылмышты жасаган учурларда сот тарабынан дайындалат.
2. Оңдоп-түзөөчү программанын мазмуну жана аны өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) 82-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) ушул Кодекстин 137, 157, 158, 166, 167, 168, 172, 173-беренелеринде каралган кылмыштар үчүн соттолгондорго;";
3) 83-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"7-1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү;";
4) 130-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 1-пункту "мүчөсүнө" деген сөздөн кийин "же ага теңештирилген адамга" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга карата жасалса, же этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, анын ичинде өзүн-өзү өлтүрүүнүн натыйжасында, же болбосо эки же андан көп адамдын өлүмүнө (өзгөчө оор залал) алып келсе;";
5) 156-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы "айып салууга, же" деген сөздөрдөн кийин "эки жылдан" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацы "балага" деген сөздөн кийин "жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 177-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"177-берене. Үй-бүлөлүк зомбулук Үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын үй-бүлөнүн башка мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга карата анын дене боюн же психикасын жабыркаткан, же болбосо ден соолукка анча оор эмес залал алып келүүчү дене бойго же психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген атайын жасалган ар кандай аракеттери - кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге тартууга, же болбосо эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: Кылмыш жасаган адам ушул Кодекстин 71-1-беренесине ылайык зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүүгө тийиш.";
7) 1-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-пункт менен толукталсын:
"20-1. Үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген адамдар - иш жүзүндө нике мамилесинде турган же мурда турган адамдар; эмгекке жарамсыз адамды же баланы же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды баккан адам жана түздөн-түз эмгекке жарамсыз адамдын өзү же жашы жете элек адам; жубайлардын, мурдагы жубайлардын же болбосо иш жүзүндө нике мамилесинде турган же мурда турган адамдардын ата-энелери жана балдары; бирге жашаган фактыга карабастан, башка туугандары.".
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230011682/st-1" title="1-берене - Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>