Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 19-марты № 124
Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
"Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 436 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-майындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 301 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Лицензиялоо жөнүндө", "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби…Положение · 19.03.2024 · № 124
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 308 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү…Постановление · 29.04.2026 · № 308
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 80-т "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы N 481-т тескемесине…Распоряжение · 17.02.2026 · № 80-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-июлундагы № 506-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине…Распоряжение · 07.07.2026 · № 506-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 31.07.2024 · № 436
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июну № 301"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Лицензиялоо жөнүндө", "Ишкердик…Постановление · 10.06.2011 · № 301 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б (Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектеөчүлөрдүн жана субъекттердин…Распоряжение · 20.01.2015 · № 10-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга…Постановление · 08.05.2020 · № 241 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-майындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 301 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды…Постановление · 14.05.2018 · № 233 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 411-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна өзгөртүү киргизүү…Распоряжение · 08.07.2024 · № 411-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 08.08.2023 · № 168
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 31.07.2024 · № 436
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-майындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 301 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды…Постановление · 14.05.2018 · № 233 · Күчүн жоготкон