Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-июлу № 436
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
"Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 301 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 32 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 124 "Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пункту.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 124 "Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана…Постановление · 19.03.2024 · № 124
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июну № 301"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Лицензиялоо жөнүндө", "Ишкердик…Постановление · 10.06.2011 · № 301 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 32 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 18.01.2018 · № 32 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 124 "Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана…Постановление · 19.03.2024 · № 124
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 32 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 18.01.2018 · № 32 · Күчүн жоготкон