1-берене
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 160-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо, же болбосо ыплас аракеттерге ортомчулук, же болбосо сутенердук кылуу -";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 1601-берене менен толукталсын:
"1601-берене. Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү
1. Акчалай пайда же башка материалдык компенсацияларды алуу максатында адамдын сексуалдык каалоолорун же фантазияларын канааттандырууга багытталган, анын ичинде көрүүчү жана оозеки интимдик мамилелерди камтыган сойкулукту жана ыпластыкты атайын платформанын (вебкам-студиянын) жардамы менен түз эфирде (онлайн) интернет аркылуу уюштуруу жана ага көмөктөшүү -
1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ошол эле жосундар төмөнкүлөр тарабынан жасалса:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -
мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон, беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган ошол эле жосундар -
мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган балдарды пайдалануу менен жасалган жосундар, -
мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.". Эскертүү. Вебкам-студия деп адамдын акчалай пайда алуу же башка материалдык пайда өндүрүү (вебкам-бизнес) максатында, бул үчүн атайын уюштурулган жана жабдылган жайларда атайын платформанын жардамы менен интернет аркылуу түз эфирде сексуалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана сексуалдык мүнөздөгү башка ыплас аракеттерди жасоону уюштуруусун түшүнүү керек.".
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230011455/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>