Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 17-июлу № 422-т
2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Долбоор
2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү, мындан ары Тараптар деп аталып, Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Сох районунда жана Шахимардан, Чоң-Гара (Чонкара), Таш-Дөбө (Тоштепа) калктуу конуштарында туруктуу жана убактылуу жашаган Өзбекстан Республикасынын жарандарынын барууларын жөнгө салуу максатында, 2006-жылдын 3-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 4 жана 13-беренелерин, ошондой эле 2023-жылдын 27-январында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Макулдашуунун 1-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: "3. Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Сох районунда жана Шахимардан, Чоң-Гара (Чонкара), Таш-Дөбө (Тоштепа) калктуу конуштарында туруктуу жана убактылуу жашаган Өзбекстан Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү мөөнөттөрүн санабастан транзит менен кирүүгө, өтүүгө болот.". 2-берене. 1-беренеде көрсөтүлгөн жарандардын жашаган жери Өзбекстан Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан туруктуу же убактылуу каттоо жөнүндө берилген документтин негизинде аныкталат. Мындай документтердин үлгүлөрү дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтүлөт. 3-берене. Макулдашуунун тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "убактылуу каттоо жана каттоо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жашаган жери боюнча туруктуу жана убактылуу каттоо" деген сөздөргө алмаштырылсын. 4-берене. Бул Протокол ага кол коюлган күндөн тартып убактылуу колдонулат, Макулдашуунун 16-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет жана өзүнүн колдонулушун Макулдашуу менен бир убакта токтотот.
2024-жылдын ________________ ________________ шаарында ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.