Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-берене
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж, № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) 2-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2-статья. 21, 22, 5, 51-статьяларда көрсөтүлгөн юридикалык жактарды кошпогондо, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, юридикалык жактар, алардын обочолонгон кичи бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү), ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф ставкалары";
б) 1-пункттун "б" пунктчасы "I жана II топтогу майып кызматкерлердин" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлердин" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 2-пункттун "б" пунктчасы "(Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилгендерден башкалар)" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 21-статьяда:
а) 1-пункттун "а" пунктчасы "I жана II топтогу майып кызматкерлердин" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майыптардын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-пункттун "б" пунктчасы "I жана II топтогу майып кызматкерлерди" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлерди" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 1-пункттун "г" пунктчасы "I жана II топтогу майып кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары)" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-статья. Ишкердик субъекттер жана коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф ставкалары Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ишкердик субъекттер, коммерциялык эмес уюмдар, турак жай ээлеринин шериктиктери, диний уюмдар, саясий партиялар, кесиптик бирликтер үчүн төмөнкүдөй белгиленет:
1. Иш берүүчүлөр үчүн (ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо):
а) Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында каттоонун түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган жалданган кызматкерлердин, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 2,25 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 1 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
б) I жана II топтогу майып, ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 1,25 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
2. Кызматкерлер үчүн:
а) иш берүүчүнүн (ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо) Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында каттоосунун түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка жалданган кызматкерлер, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, пенсионер кызматкерлерди кошпогондо, каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз; ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 10 пайыз өлчөмүндө;
б) пенсионер кызматкерлер үчүн, каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө;
в) I жана II топтогу майып кызматкерлер (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан башкалар), ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер үчүн каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.
3. Ушул статья төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
- мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга;
- жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштеткен жана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен ишканаларына;
- электр энергиясы, жылуулук энергиясы жана газ менен камсыз кылуу (жабдуу) боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдарга;
- алкоголдук, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүүнү жана/же импорттоону жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине, буга Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аталган ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар мунайзаттарды өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү субъекттер кирбейт (өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жайлык көлөмдө өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү);
- уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу субъекттерге;
- интернет-провайдерлерге;
- коммерциялык банктарга, адистештирилген финансылык-кредиттик же кредиттик мекемелерге.
Иштин көрсөтүлгөн түрлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана аларды төлөө тартиби ушул Мыйзамдын 2-беренесине ылайык белгиленет.
4. Камсыздандыруу төгүмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте төлөнөт.";
4) 3 жана 4-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 5-статьянын 1-бөлүгүндө "2-статьясына" деген сөздөр "22-статьясына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 51-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасы "I жана II топтордогу майып кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары)" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер үчүн" деген сөздөр менен толукталсын";
7) 6-статьяда:
а) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкерлер жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө алектенген жалданган кызматкерлерди жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8 жана 13-бөлүктөрүнө жана 457-беренесине ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлерди кошпогондо, ушул Мыйзамдын 2, 22-статьяларына ылайык жүргүзүшөт. Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2026-жылдын 31-декабрына чейин төмөнкүдөй белгиленет:
а) иш берүүчүлөр үчүн - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелген 6 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 4,75 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) пенсионер кызматкерлерди жана I жана II топтогу майып кызматкерлерди, ошондой эле жана угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлерди кошпогондо, кызматкерлер үчүн - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелген 6 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 4 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;
в) пенсионер кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелген 4 пайыз өлчөмүндө;
I жана II топтордогу майып кызматкерлер (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары), ошондой эле жана угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер үчүн - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө; ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 6 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-пункттар менен толукталсын:
"5. 2027-жылдын 1-январынан тартып жалданган кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык жүргүзүшөт.
6. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8 жана 13-бөлүктөрүнө жана 457-беренесине ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул статьянын 1-пунктуна ылайык белгиленет.";
8) 71-статья "(Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары)" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлердин" деген сөздөр менен толукталсын;
9) 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн бөлүштүрүү Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү ушул Мыйзамга ылайык төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт:
1. Иш берүүчүдөн:
а) 2-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз.
б) 21-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 0,85 пайыз;
в) 22-статьянын 1-пунктунун "а", "б" пунктчаларына, 5-статьянын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 1 пайыз;
г) 6-статьянын 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык 2027-жылдын 1-январына чейин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 3,75 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 1 пайыз;
2. Кызматкерден (ушул Мыйзамдын 111-статьясында көрсөтүлгөн кызматкерлерди кошпогондо):
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 21-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына, 22-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 51-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;
б) 2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 21-статьянын 1-пунктунун "г" пунктчасына, 22-статьянын 2-пунктунун "в" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 2 пайыз;
в) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык 2027-жылдын 1-январына чейин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 4 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;
г) 71-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз.
3. Ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а1" пунктчасынын экинчи абзацына, 21-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацына, 22-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасынын бешинчи абзацына, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
б) 6-статьянын 3-пунктунун "в" пунктчасынын үчүнчү абзацына ылайык 2027-жылдын 1-январына чейин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 6 пайыз;
в) 71-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз.
4. Ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "б" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а1" пунктчасынын экинчи абзацына, 21-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасына, 22-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
б) 2027-жылдын 1-январына чейин 6-статьянын 3-пунктунун "в" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 4 пайыз;
в) 71-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз,
5. 5-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү дыйкан (фермердик) чарбанын башчыларынан жана мүчөлөрүнөн, жеке адамдардан:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 3 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз.
6. Жеке ишкерден:
а) 6-статьянын 1, 21, 6-пункттарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 89,75 пайыз;
б) 7-статьянын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсебине - 8,75 пайыз.
в) 7-статьянын 4-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 90 пайыз.
7. 51-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнөн:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 3 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - камсыздандыруу төгүмдөрүнөн кошуп эсептелген 2 пайыз.";
10) 11-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик менен алектенген I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 457-беренесинин 8, 13-бөлүктөрүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер, ошондой эле жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бөлүгүнө ээ болгон I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.";
11) 12-статья төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18. Спорттун олимпиада түрлөрү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылар.";
12) 13-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Төмөнкүлөрдө каралган кызматкерлер үчүн иш берүүчүлөр тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү:
а) ушул Мыйзамдын 2-статьясында каралган кызматкерлер үчүн орточо айлык эмгек акынын 60 пайызынан эсептелген суммадан кем болбоого тийиш;
б) ушул Мыйзамдын 22-статьясынын 1-пунктунда каралган кызматкерлер үчүн орточо айлык эмгек акынын 100 пайызынан эсептелген суммадан кем болбоого тийиш.
Мында кызматкер үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, алуу жана төгүү иш берүүчү тарабынан анык эсептелген эмгек акыдан жүргүзүлөт. Ушул пункт уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан юридикалык жактар тарабынан жалданган, тизмеги Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган кенже тейлөөчү персоналга, ошондой эле төмөнкүдөй ишканаларга жана уюмдарга колдонулбайт:
- каржылоонун көлөмүнө карабастан, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар;
- мамлекеттик ишканалар, уюмдар жана мекемелер;
- мамлекеттик окуу жайлары жана алар тарабынан уюштурулган, юридикалык жактын статусуна ээ болгон өз алдынча окуу түзүмдөрү жана филиалдар;
- социалдык камсыздандыруу каражаттарынан каржылануучу уюмдар;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү эмгек акы фондунан жүзөгө ашыруучу айылдык товар өндүрүүчүлөр.";
13) 141-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"141-статья. Орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө
1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн кабыл алынуучу орточо айлык эмгек акынын өлчөмү - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмү.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын учурдагы жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий статистикалык маалыматынын негизинде өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
Тариф ставкалары жыл сайын кийинки жылдын 1-январынан тартып эсептелет.".
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230011207/st-7" title="7-берене - Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>