25-берене. Технопарктардын резиденттерине мамлекеттик колдоо чараларын көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан контролду жүзөгө ашыруу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 4-глава
1. Технопарктардын резиденттерине ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик колдоо чараларынын көрсөтүлүшүн контролдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан анын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Ыйгарым укуктуу орган:
1) технопарктардын резиденттеринин реестрин жүргүзөт;
2) технопарктардын дирекцияларынын мамлекеттик колдоо чараларынын ишке ашыруу боюнча отчетторун кабыл алат;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте технопарктардын ишине пландуу жана пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзөт.
Ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик колдоонун айрым чаралары көрсөтүлгөн технопарктардын резиденттеринин реестринде башка маалыматтар менен катар, технопарктардын дирекциясы, технопарктардын базалык уюмдары жана резиденттери жөнүндө маалыматтар камтылат. Технопарктардын резиденттеринин реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик колдоонун айрым чаралары көрсөтүлгөн технопарктардын резиденттеринин реестринде каралган маалыматтар таанышуу үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтында жеткиликтүү болууга тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар жылдык отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизгенден кийин 15 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине технопарктардын резиденттерине ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик колдоо чараларынын көрсөтүлгөндүгү жөнүндө маалымат жиберет.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230011107/st-25" title="25-берене - Технологиялык парктар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>