Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын технологиялык парктарынын ишин жөнгө салуучу айрым маселелер жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-декабры № 792
Кыргыз Республикасынын технологиялык парктарынын ишин жөнгө салуучу айрым маселелер жөнүндө
“Технологиялык парктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 25-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттик колдоо чараларын алууга талапкер Кыргыз Республикасынын технологиялык парктарына карата талаптар 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын технологиялык парктарынын резиденттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 214 “Кыргыз Республикасында Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү жана алардын иштешин мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө жободо:
– 5-пункт “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин” деген сөздөрдөн кийин “, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын” деген сөздөр менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 214…Положение · 17.04.2025 · № 214
- Мамлекеттик колдоо чараларын алууга талапкер Кыргыз Республикасынын технологиялык парктарына карата талаптар (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын…Требования · 09.12.2025 · № 792
- Кыргыз Республикасынын технологиялык парктарынын резиденттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-декабрындагы №…Порядок · 09.12.2025 · № 792
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 214 "Кыргыз Республикасында Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 17.04.2025 · № 214
- Технологиялык парктар жөнүндөЗакон · 23.07.2024 · № 138