Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын граждандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 22-январы № 23
"Кыргыз Республикасынын граждандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу
1-берене. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын граждандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июнундагы № 36 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 229-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын граждандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-ноябрындагы № 226 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 76-ст.).
2-берене. Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөө тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен ар жылдык негизде бекитилет деп белгиленсин. Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Караңыз: КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 316 "Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн тартибин жана шарттарын бекитүү жөнүндө" токтому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кепилденген аманаттардын төлөмдөрүн алуу ыкмалары, шарттары жана жол-жобосу жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу таратсын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 22-январындагы №7 (3560) саны мененен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2023-жылдын 14-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- О восстановлении и защите сбережений граждан Кыргызской РеспубликиЗакон · 02.06.1997 · № 36 · Күчүн жоготкон
- О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О восстановлении и защите сбережений граждан Кыргызской Республики"Закон · 18.11.2003 · № 226 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 316 "Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн тартибин жана шарттарын бекитүү…Постановление · 13.06.2024 · № 316
- О восстановлении и защите сбережений граждан Кыргызской РеспубликиЗакон · 02.06.1997 · № 36 · Күчүн жоготкон
- О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О восстановлении и защите сбережений граждан Кыргызской Республики"Закон · 18.11.2003 · № 226 · Күчүн жоготкон