Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн тартибин жана шарттарын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-июну № 316
Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн тартибин жана шарттарын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын граждандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн тартиби жана шарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. "Элдик Банк" ачык акционердик коому Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн тартибине жана шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле мурдагы Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун (СССР) жарандарынын акчалай аманаттарын калыбына келтирүүнү жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин агенти болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Элдик Банк" ачык акционердик коомунун атайын эсептерди ачууга жана аларга калыбына келтирүү суммаларын кошуп эсептөөгө байланышкан чыгымдарынын ордун толтурууга чыгымдарды тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте карасын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-декабрындагы № 698 "Калктын салымдары боюнча индексацияланган суммаларды төлөөнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 10-апрелиндеги № 184 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-апрелиндеги № 326 "Калктын салымдары боюнча индексацияланган суммаларды төлөөнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-декабрындагы № 698 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн Тартиби жана шарттары (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 316 токтомуна)Порядок · 13.06.2024 · № 316
- Кыргыз Республикасынын граждандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралууЗакон · 22.01.2024 · № 23
- ПОЛОЖЕНИЕ об условиях и порядке выплаты индексированных сумм по вкладам населения ( Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 2 декабря 1997 года N 698)Положение · 02.12.1997 · № 698 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 2 декабря 1997 года N 698 "Об утверждении Положения об условиях и порядке выплаты индексированных сумм по вкладам населения"Постановление · 02.12.1997 · № 698 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 30 апреля 2004 года №326 "О внесении изменений и дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 2 декабря 1997 года № 698 «Об…Постановление · 30.04.2004 · № 326 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 10 апреля 1998 года №184 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 10.04.1998 · № 184 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Постановление Правительства КР от 2 декабря 1997 года N 698 "Об утверждении Положения об условиях и порядке выплаты индексированных сумм по вкладам населения"Постановление · 02.12.1997 · № 698 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 30 апреля 2004 года №326 "О внесении изменений и дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 2 декабря 1997 года № 698 «Об…Постановление · 30.04.2004 · № 326 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 10 апреля 1998 года №184 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 10.04.1998 · № 184 · Күчүн жоготкон