Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын («Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө“, „Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 12-июлу № 384
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.К.Кадырбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 12-июлундагы № 384 тескемеси менен жактырылган
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.К.Кадырбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясындагы "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору" же "СССРдин Ардактуу донору" деген төш белгилери менен сыйланган адамдардын пенсияларына кошумча төлөөлөрдүн өлчөмүн эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 пайызы өлчөмүнөн эсептешүү көрсөткүчүнүн 1000 пайызы өлчөмүнө, атап айтканда 100 сомдон 1000 сомго чейин көбөйтүү сунушталат.
2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 120-беренесинин 11-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору", "СССРдин Ардактуу донору", "Кыргыз ССРинин Ардактуу донору" деген төш белгилер менен сыйланган адамдар үчүн эсептик көрсөткүчтөн пенсиясына элүү пайыздык үстөктү эсептик көрсөткүчтөн 1000 пайызга көбөйтүү сунушталууда.
Кыргыз Республикасында пенсиялык камсыздоо социалдык камсыздандыруу, тең укуктуулук, адилеттүүлүк жана камсыздандырылган адамдардын жеке жоопкерчилиги принциптерине негизделет. Пенсиянын өлчөмү ар бир камсыздандырылган адамдын мамлекеттик социалдык камсыздандырууга кошкон салымына түздөн-түз көз каранды. Ошону менен бирге, калкты социалдык жактан коргоо максатында социалдык колдоо көрсөтүү иретинде пенсияларга кошумча төлөөлөр, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору" же "СССРдин Ардактуу донору" деген төш белгилер менен сыйланган адамдарга - эсептик көрсөткүчтүн 100 пайызы өлчөмүндө кошумча төлөөлөр белгиленген. Мындай төлөмдөр камсыздандыруу мүнөзүндө эмес төлөөлөр болуп эсептелгендиктен, алар мамлекет тарабынан пенсионерлерге кошумча колдоо көрсөтүү максатында республикалык бюджеттен каржыланат. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору" же "СССРдин Ардактуу донору" деген төш белгилер менен сыйланган адамдарга бул кошумча акы көбөйтүлгөн учурда республикалык бюджеттен кошумча 9,720 млн. сом талап кылынат деп белгиленген. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясына ылайык "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору" же "СССРдин Ардактуу донору" деген төш белгилер менен сыйланган адамдардан тышкары майыптыгы бар адамдарга, Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышуучуларга жана башка категориядагы адамдарга 50 сомдон 450 сомго чейин өлчөмдө кошумча төлөөлөр каралган. "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору" же "СССРдин Ардактуу донору" деген төш белгилер менен сыйланган адамдарга гана кошумча төлөөлөрдү көбөйтүү башка категориядагы адамдарга салыштырганда кошумча төлөөлөрдү алуу үчүн артыкчылыктуу шарттарды түзүү болуп саналат. Мындан тышкары, бул Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу кошумча төлөөлөргө укугу бар башка жарандардын көбөйтүү боюнча талаптарды коюу прецедентине алып келет, бул республикалык бюджеттен олуттуу каражаттарды талап кылат. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин ченемдерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 168 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2024-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жана республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 18%га, бирок 1000 сомдон кем эмес жогорулатуу жана пенсионердин жашоо минимумуна чейин жеткирүүнү эске алуу менен пенсиянын базалык бөлүгүнө индексациялоо жүргүзүү каралган. Ошентип жогоруда аталган Жарлыктын негизинде 2024-жылдын октябрь айынан баштап өлкөдө минималдуу пенсия 6900 сомду түзөт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүү каралган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети каржылоо булагын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынат. Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат. Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы ПЖ № 168 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык…Указ · 28.06.2024 · № 168