Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорун» экинчи кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 8-июлу № 412-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-жылдын 15-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорун" экинчи кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 412-т тескемеси менен жактырылган
2024-жылдын 15-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорун" экинчи кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2024-жылдын 15-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорун" экинчи кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык Макулдашууга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери тарабынан (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин 2024-жылдын 6-февралындагы № 6-1260/24; Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитеттин 2024-жылдын 29-январындагы № 6-963/24; Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин 2024-жылдын 2-февралындагы № 6-1168/24 чечимдери), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 146-т тескемеси менен жактырылган. "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорун" ишке ашыруу үчүн финансылык каражат Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (мындан ары - ЭАР) тарабынан берилет. Жогоруда аталган Долбоордун алкагында 7,64 млн. (жети миллион алты жүз кырк миң) АКШ доллары каралууда. ЭАРдин кредит берүү боюнча финансылык шарттары 50 жылга эсептелген, анын ичинде жеңилдетилген мезгил - 10 жыл жана пайыздык ставкасы - 0%. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 1 жыл. Бул долбоор Ош облусунун 11 айылында ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоого жана курууга, Ысык-Көл облусунун Күрмөнтү айылындагы көп кабаттуу үйлөр үчүн саркынды сууларды чыгаруу системасын курууга, Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарында санитарияны өнүктүрүү максатында үй чарбалары үчүн дем берүүчү гранттар программасын каржылоого жана суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча муниципалдык ишканаларга атайын техникаларды сатып алууга багытталат. Аталган инвестициялар ичүүчү таза сууга жетүүнү кыйла жакшыртууга, суунун коромжулугун кыскартууга, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берет. Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт. Макулдашуу колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. Бул Макулдашууну ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кошумча каржылоосу каралган эмес, тиешелүү түрдө республикалык бюджеттен финансылык каражаттарды бөлүп берүү талап кылынбайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021