1-берене
Күчүндө · 08.07.2024 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 65-берененин 3 жана 4-бөлүктөрү "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "225," деген цифралар менен толукталсын;
2) 225-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "500" жана "1000" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "1000" жана "1500" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен 3000ден 15000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:
1) он төрт жашка чейинки курактагы балдар үчүн арналган товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө карата;
2) этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор зыян келтирүү менен;
3) уюшкан топ тарабынан;
4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -
мүлкүн конфискациялоо менен 15000ден 25000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга же беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
Берененин тексти 08.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230010122/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>