Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына алар коюлган жерге барууга жана кайра келүүгө акы төлөөгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин 340 токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы № 340 токтомуна)
Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына алар коюлган жерге барууга жана кайра келүүгө акы төлөөгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына алар коюлган жерге барууга жана кайра келүүгө акы төлөөгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-статьясынын 21-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык иштелип чыккан.
Бул Жобонун колдонулушу "аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту" толтурулган жарандардын социалдык корголбогон категорияларына жайылтылат.
2. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, тизмеги үй-бүлө мыйзамдарында белгиленген, бирок эки адамдан ашпаган үй-бүлө мүчөлөрү жана жакын туугандары, анын ичинде ден соолугунун абалы боюнча зарыл болгон учурда аларды коштоочу адамдар аскер көрүстөнүнө барууга өтүнүч берүүгө укуктуу.
3. Эгерде өтүнүч берген адам ден соолугунун абалы боюнча коштоого муктаж болсо, анда ушул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жакын туугандарынын бири коштоочу адам боло алат, мындай болбосо коштоочу катары туугандык байланышы жок адам болушу мүмкүн.
4. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчылары коюлган жерлер жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан арыз берүү принциби боюнча берилет.
2. Өтүнүч берүүчүнүн аскер көрүстөндөрүнө барууга кайрылуусунун тартиби
5. Аскер көрүстөндөрүнө барууга өтүнүч Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аныктаган форма боюнча толтурулат.
6. Аскер көрүстөндөрүнө барууга өтүнүч (мындан ары - өтүнүч) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине төмөнкү документтерди тиркөө менен берилет:
- өтүнүч берген адамдын паспортунун көчүрмөсүн;
- тууганынын архивдик документтери көчүрмөсүн (Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчысына);
- Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчысы менен туугандык байланышын ырастоочу документтердин көчүрмөсүн;
- фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн (зарыл болгон учурда);
- социалдык камсыздоо функцияларын жүзөгө ашыруучу аймактык башкармалык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранына аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспортун түзүүнү ырастоочу маалымкат.
Жогоруда аталган документтер "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алууга мүмкүн болбогон учурларда талап кылынат. Өтүнүч арыз ээсинде квалификациялуу электрондук кол тамга болгон учурда электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жеке кабинет боюнча электрондук формада берилиши мүмкүн.
7. Эгерде өтүнүч берүүчү адам ден соолугунун абалы боюнча башка адамдын коштоосуна муктаж болсо, анда өтүнүчкө коштоочу адамдын паспортунун көчүрмөсү тиркелет.
8. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын коштоого муктаж эмес эки жакын тууганынын аскер көрүстөнү жайгашкан жерге баруусу пландалган учурда, экинчи тууганынан ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин тизмеги талап кылынат.
9. Документтердин көчүрмөлөрү милдеттүү тартипте түп нускалары менен салыштырылат жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин кызматкери тарабынан аларды идентификациялоо фактысын ырастоо менен виза коюлат.
10. Өтүнүчтү каттоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде документтердин толук пакети болгондо гана жүргүзүлөт.
3. Аскер көрүстөндөрүнө барууга өтүнүчтөрдү кароонун тартиби
11. Өтүнүч аскер көрүстөндөрүнө барууга өтүнүчтөрдү кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - комиссия) тарабынан жылына эки жолу (отчеттук жылдын биринчи жана үчүнчү кварталдарынын башы) каралат, мында комиссиянын чечими менен отчеттук жылда аскер көрүстөндөрүнө барууга өтүнүч берүүчүлөрдүн тизмеси аныкталат.
12. Жыл сайын аскер көрүстөндөрүнө барууга биринчи берилген өтүнүч принциби боюнча, коштоочу адамдарды кошкондо 10 (он) адамдан ашык эмес жиберилет.
13. Өтүнүчтөрдү кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия өтүнүчтү жактыруу же жактыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
14. Өтүнүчтү жактыруудан баш тартуу жөнүндө чечим төмөнкү учурларда чыгарылат, эгерде:
- өтүнүч берүүчү менен Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын ортосунда туугандык байланыш ырасталбаса;
- адамга аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту толтурулбаса.
15. Комиссия курамына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, социалдык камсыздоо функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин колдоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан түзүлөт.
16. Комиссиянын жыйналышы комиссиянын курамынын 2/3 катышуусунда төрага, ал жокто - аны алмаштыруучу адам тарабынан өткөрүлөт.
17. Комиссиянын чечими комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага комиссиянын төрагалык кылуучусу жана мүчөлөрү кол коёт.
Комиссиянын чечиминин көчүрмөсү Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрү жана жакын туугандары тарабынан аскер көрүстөнүнө барууга тартылган мамлекеттик органдарга жиберилет.
18. Комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
4. Аскер көрүстөндөрүнө барууну уюштуруу жана чыгымдардын ордун толтуруу
19. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакын туугандарынын аскер көрүстөндөрүнө баруусун уюштуруу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.
20. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өтүнүчү боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн визалык режим белгиленген өлкөгө чыгуу учурунда визалык колдоону тариздөөгө көмөк көрсөтөт.
21. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына аскер көрүстөнүнө барууга жана кайра келүүгө акы төлөөгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу (мындан ары - чыгымдардын ордун толтуруу) аскер көрүстөнү жайгашкан жерге барууга жана кайра келүүгө жол киренин наркын (таксиден тышкары) камтыйт.
Чыгымдардын ордун толтуруу Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына бир жолу (бир гана жолу) жүзөгө ашырылат.
22. Транспортко жүргүнчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүнө, визаны тариздөөгө (зарыл болгон учурда), жашоого, тамактанууга чыгымдарды жана башка чыгымдарды өтүнүч берүүчү көтөрөт.
23. Чыгымдардын ордун толтурууну каржылоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин тиешелүү жылга бюджетинде каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
24. Чыгымдардын ордун толтуруу (авиабилет, темир жол/коомдук транспортко билет) бул чыгымдарды тиешелүү документтер менен ырастоо менен иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча жүргүзүлөт. Ырастоочу документтер жок болгон учурда чыгымдардын орду толтурулбайт.
25. Ушул Жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн чыгымдардын ордун толтуруу ушул Жобонун 27-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын алыш-бериш эсебине которуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөө күнүнө карага курсу боюнча улуттук валютада жүзөгө ашырылат.
26. Транспорттук чыгымдар өтүнүч берүүчү тарабынан төлөнөт, алар кайтып келгенде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти тарабынан арыз кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде өтүнүч берүүчүгө кайтарып берилет.
27. Чыгымдардын ордун толтуруу өтүнүч берүүчүнүн же аскер көрүстөнүнө барууга байланышкан иш жүзүндөгү чыгымды тарткан, өтүнүч берүүчүдөн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде иш алып барган адамдын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жүзөгө ашырылат.
28. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- жол кирени ырастоочу документтер;
- ушул Жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн орду толтурулуучу каражаттарды которуу үчүн алыш-бериш эсебинин банктык реквизиттери.
29. Бардык этаптарда берилген документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык өтүнүч берүүчү тартат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөЗакон · 08.05.1996 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы № 340 "Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жана…Постановление · 01.07.2024 · № 340