Ак-Кудук айылдык кеңешинин «Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 16-апрели № 4/11-28
Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
(Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябры № 35/V1-28 токтомуна ылайык)
Айылдык кеңешинин сессиясында Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 8-апрелиндеги №615/01-9 катын карап жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ № 10 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т тескемесинин 2-пунктун аткаруу максатында Ак-Кудук айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токой чарбасына караштуу Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан №924 контурдагы, жалпы аянты 52,8 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
-Токой чарбасына караштуу Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан -№922 контурдагы жалпы аянты 13,1га ,анын ичинен 12,7га бакча /огород/, 0,2 га каналдар жана коллекторлор, 0,2га жолдордун жана прогондордун алдындагы жерлер; -№923 контурдагы 7,9 га бакча /огород/жер тилкесин; -№924 контурдагы 30,6 га,анын ичинен 30,0 га бакча / огород/, 0,2 га каналдар жана коллекторлор, 0,4 га жолдордун жана прогондордун алдындагы жерлер,жалпы аянты 51,6 га жер тилкелери “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) өткөрүп берүүгө макулдук берилсин. (Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябры № 35/V1-28 токтомуна ылайык)
2."Мамлекеттик ипотекалык компаниясы" акционердик коомуна турак үйлөрдү биринчи кезекте жана жеңилдетилген түрдө Ак-Кудук айыл аймагынын тургундарына (мугалимдер, дарыгерлер, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер) ипотекага берүү жагы сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Ак-Кудук айылдык кенешинин төрагасы
Кенжебек уулу А
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 126-т (Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында…Распоряжение · 05.04.2024 · № 126-р
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы ПЖ № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз…Указ · 30.01.2024 · № 10
- Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябры № 35/V1-28 "Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №4/11-28 “Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө…Постановление · 12.09.2024 · № 35/V1-28