Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаардык кеңеши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу жана „Кара-Балта шаардык кеңеши“ мекемесин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 19-апрели № 15
Кара-Балта шаардык кеңеши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу жана «Кара-Балта шаардык кеңеши» мекемесин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыктарын ишке ашыруу максатында, 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу Регламенти, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 86-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаардык кеңеши жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин (тиркелет).
2. «Кара-Балта шаардык кеңеши» мекемеси мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Юридикалык жактын толук аталышы
- мамлекеттик тилде: «Кара-Балта шаардык кеңеши» мекемеси;
- расмий тилде: Учреждение «Кара-Балтинский городской кенеш»
4. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиева көчөсү, 14;
5. Бул токтом юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле документтердеги мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген маалыматтардын тууралыгын ырастайм.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы
М. Дуйшеналиев
Тиркеме 1 “19” апрель 2024-ж. Кара – Балта шаардык кеңешинин № 15 Токтомуна
Кара – Балта шаардык кеңештин убактылуу жобосу
1. Жалпы жоболор
1. Кара – Балта шаардык кеңештин ушул Убактылуу жобосу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Кара – Балта шаардык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана Кара - Балта шаардык кеңештин ишин жөнгө салат.
2. Кара – Балта шаардык кеңеши өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа мезгилинде 39 жергиликтүү кеңештин депутаттарынан турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
3. Кара – Балта шаардык кеңеш юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
Шаардык кеңештин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде – “Кара – Балта шаардык кеңеши”;
- расмий тилде «Кара – Балтинский городской кенеш».
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Кара - Балта шаары,Т.Кожомбердиева көчөсү, 14.
4. Кара – Балта шаардык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Кара – Балта шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык жана эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
2. Кара – Балта шаардык кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
6. Кара – Балат шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы - сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,ошондой эле Кара – Балта шаардыккеңештин регламенти менен аныкталат.
7. Кара – Балта шаардык кеңештин компетенциясы, Кара – Балта шаардык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, Кара – Балта шаардык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын укуктары жана милдеттери, Кара – Балта шаардык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кара – Балта шаардык кеңештин регламенти менен жөнгө салынат.
Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформаларды жүргүзүү мезгилинде Кара – Балта шаардык кеңештин кошумча компетенциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жободо аныкталган.
3. Кара – Балта шаардык кеңештин чечимдери
8. Кара – Балта шаардык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага Кара – Балта шаардык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда Кара – Балта шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
9. Кара – Балта шаардык кеңештердин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары - буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү шаардын аймаганда милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
Кара – Балта шаардык кеңештердин ченемдик укуктук актылары “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет. Кара – Балта шаардык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Кара – Балта шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин Кара – Балта шаардыккеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.
Кара – Балта шаардык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Кара – Балта шаардык кеңештердин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
4. Кара – Балта шаардык кеңешке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
12. Кара – Балта шаардык кеңештин мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар Кара – Балта шаардык кеңештин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
13. Кара – Балта шаардык кеңештин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
5. Корутунду жоболор
14. Кара – Балта шаардык кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгыменен ишке ашырылат.
15. Кара – Балта шаардык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик Кара – Балта шаарынын мэриясына жүктөлөт. Кара – Балта шаардык кеңештин документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамга ылайык сакталат.
Кара – Балта шаардык кеңештин жооптуу катчысы
Т.Бердыбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ № 24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин…Указ · 07.02.2024 · № 24
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Күчүн жоготкон