Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 7-июну № 320-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссиялоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Беларусь Республикасынын Өкмөтү, эки мамлекеттин ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди, ошондой эле алардын ортосундагы ар түрдүү жааттарда, анын ичинде мыйзамсыз миграция менен күрөшүү маселелери боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө умтулууну жетекчиликке алып, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсүнүн жана жүрүүсүнүн колдонуудагы тартибин бузуу менен алардын мамлекеттеринин аймагында жүргөн адамдарды кайтарып берүүнүн, кабыл алуунун жана өткөрүп берүүнүн тартибин аныктаган, Тараптар макулдашкан принциптерди жана ченемдерди колдонууга киргизүү миграция процессин жөнгө салуунун маанилүү курамдык бөлүгү, мыйзамсыз миграция менен күрөшүүгө салым болуп саналарына ишенип, Тараптардын ар бир мамлекеттеринин анын аймагында же ал аркылуу чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын мыйзамсыз миграциясы үчүн жоопкерчиликти анын мыйзамдарына ылайык белгилөөгө болгон эгемендик укугун урматтоо менен, ушул Макулдашуу эл аралык укук боюнча Тараптардын мамлекеттеринин укуктарын, милдеттенмелерин жана жоопкерчилигин, анын ичинде 1948-жылдын 10-декабрындагы Адам укуктарынын жалпы декларациясында, 1951-жылдын 28-июлундагы Качкындардын статусу жөнүндө конвенцияда, 1967-жылдын 31-январындагы Качкындардын статусуна тиешелүү протоколдо бекитилген эл аралык укуктун ченемдерин төмөндөтпөй тургандыгын баса белгилеп, Тараптардын мамлекеттеринин миграция жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө кызыгуусунун өсүп жаткандыгын белгилөө менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Аныктамалар Ушул Макулдашууда пайдаланылуучу түшүнүктөр төмөнкүлөрдү билдирет:
1) "реадмиссиялоо" - суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин аймагына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүү, чыгуу жана жүрүү маселелери боюнча ошол мамлекеттин мыйзамдарын бузуу менен кирген же анда жүргөн адамдарды ушул Макулдашууда каралган тартипте, шарттарда жана максаттарда суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдары тарабынан өткөрүп берүү жана суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдары тарабынан кабыл алуу;
2) "суроо талапты жиберүүчү Тарап" - ушул Макулдашууга ылайык адамды реадмиссиялоо же транзиттөө жөнүндө суроо-талапты жиберген Тарап, мамлекеттин борбордук компетенттүү органы;
3) "суроо-талапты алуучу Тарап" - анын дарегине ушул Макулдашууга ылайык адамды реадмиссиялоо же транзиттөө жөнүндө суроо-талап жөнөтүлгөн Тарап, мамлекеттин борбордук компетенттүү органы;
4) "үчүнчү мамлекеттин жараны" - Тараптардын мамлекеттеринин жарандыгы жок жана ушул Макулдашуунун катышуучусу болуп саналбаган мамлекеттин жарандыгына таандык болгон адам;
5) "жарандыгы жок адам" - экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына киргенден кийин биринчи Тараптын мамлекетинин жарандыгын жоготкон, ушул Макулдашуунун 3-беренесинин 1-пунктунун жоболорунун колдонулушу жайылтылган адамдарды кошпогондо, Тараптардын мамлекеттеринин жараны болуп саналбаган жана үчүнчү мамлекеттин жарандыгына таандык экендигинин далили жок адам;
6) "компетенттүү органдар" - ушул Макулдашууну ишке ашырууга катышкан Тараптардын мамлекеттеринин органдары;
7) "борбордук компетенттүү орган" - ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча негизги милдеттер жүктөлгөн Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы;
8) "мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункту" - эл аралык билдирүүлөр үчүн ачык болгон, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына же Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык белгиленген, Беларусь Республикасынын Мамлекеттик чек арасы же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункту;
9) "жеке маалыматтар" - белгилүү бир же ушундай негизде аныкталуучу жеке адамга тиешелүү болгон кандай болбосун маалымат;
10) "транзит" - үчүнчү мамлекеттин жаранынын же жарандыгы жок адамдын суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинен белгиленген мамлекетке бара жаткан жолдо суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин аймагы аркылуу өтүшү.
2-берене. Компетенттүү органдар
1. Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу компетенттүү органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Республикасынан: борбордук компетенттүү орган: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги - реадмиссиялоо жана транзиттөө жөнүндө суроо-талаптарды жөнөтүү жана кароо, реадмиссиялоону жана транзиттөөнү ишке ашыруу жол-жобосун аныктоо боюнча; компетенттүү органдар: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы - реадмиссиялоо жана транзиттөө жөнүндө суроо-талаптарды жөнөтүү жана кароо боюнча; Беларусь Республикасынан: борбордук компетенттүү орган: Беларусь Республикасынын Ички иштер министрлиги - реадмиссиялоо жана транзиттөө жөнүндө суроо-талаптарды жөнөтүү жана кароо, реадмиссиялоону жана транзиттөөнү ишке ашыруу жол-жобосун аныктоо боюнча; компетенттүү орган: Беларусь Республикасынын Мамлекеттик чек ара комитети - транзиттөө жөнүндө суроо-талаптарды жөнөтүү жана кароо боюнча.
2. Эгерде суроо-талапты кароо суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин бир компетенттүү органынын ыйгарым укуктарына кирбесе, анда бул орган суроо-талапты аны аткарууга ыйгарым укуктуу башка компетенттүү органга өткөрүп берет жана суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекеттин компетенттүү органына бул жөнүндө токтоосуз кабарлайт.
3. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тараптарды мамлекеттеринин компетенттүү органдардын аталышындагы же тизмегиндеги өзгөртүүлөр жөнүндө Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине токтоосуз маалымдайт.
4. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тараптардын мамлекеттеринин борбордук компетенттүү органдары бири-бири менен түздөн-түз өз ара аракеттенет.
5. Тараптардын мамлекеттеринин борбордук компетенттүү органдары ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине өзүнүн байланыш маалыматтарын жазуу жүзүндө билдирет.
6. Тараптардын мамлекеттеринин борбордук компетенттүү органдары алардын байланыш маалыматтарынын өзгөргөндүгү жөнүндө бири-бирине токтоосуз жазуу жүзүндө билдирет.
3-берене. Тараптардын мамлекеттеринин жарандарын реадмиссиялоо
1. Суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органынын суроо-талабы боюнча чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүү, чыгуу жана жүрүү маселелери боюнча ошол мамлекеттин мыйзамдарын бузуу менен суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин аймагына кирген же анда жүргөн адамдарды, эгерде алар суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин жараны болуп эсептелгени же суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин аймагына киргенден кийин жарандыгын жоготкону жана башка мамлекеттин жарандыгын албаганы аныкталса, кабыл алат.
2. Зарыл болгон учурда суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси өткөрүп берилүүчү адамды анын суроо-талапты алуучу Тараптын аймагына кирүүсү үчүн зарыл документ менен камсыз кылат.
3. Анын негизинде адамдын Тараптардын биринин мамлекетинин жарандыгы бар экендиги аныкталуучу документтердин тизмеги ушул Макулдашуунун 1-тиркемесинде камтылган. Тараптар ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып 30 календардык күндүн ичинде дипломатиялык каналдар аркылуу бул документтердин үлгүлөрү менен алмашат. Андан кийин Тараптардын мамлекеттеринин ар бири экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу мындай документтердеги кандай болбосун өзгөртүүлөр жөнүндө токтоосуз кабарлайт.
4. Эгерде ушул Макулдашуунун 1-тиркемесинде каралган документтердин бирин да берүү мүмкүн болбосо, Тараптардын мамлекеттеринин борбордук компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун 8-беренесине ылайык реадмиссияланууга тийиш болгон адамдын жарандыгы жөнүндө маалыматтарды алуу максатында аны менен суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин аймагында аңгемелешүү өткөрүү жөнүндө макулдашат.
5. Эгерде ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдын суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин жаранынын өздүгүн күбөлөндүргөн жана мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берген жарактуу документи болсо, реадмиссиялоо жөнүндө суроо-талапты жиберүү талап кылынбайт. Тараптардын борбордук компетенттүү органдары мындай адамды өткөрүп берүү датасы жөнүндө ал кеткенге чейин 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен бири-бирине кабарлайт.
6. Эгерде аны реадмиссиялоо үчүн ушул берененин 1-пунктунда каралган негиздер жок экендиги аныкталса, суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы өткөрүп берилген адамды ал өткөрүп берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кайра кабыл алат. Бул учурда суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы ал адам боюнча анын тескөөсүндө болгон материалдарды суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органына өткөрүп берет.
4-берене. Үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды реадмиссиялоо
1. Суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органынын суроо-талабы боюнча суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин аймагына ошол мамлекеттин мыйзамдарын бузуу менен анын кирген же анда жүргөн үчүнчү мамлекеттин жаранын же жарандыгы жок адамды бул адамдын төмөнкүдөй далилдери берилген шартта кабыл алат:
1) суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин аймагына түздөн-түз суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин аймагынан чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүү, чыгуу жана жүрүү маселелери боюнча суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин мыйзамдарын бузуу менен киргендиги;
2) реадмиссиялоо жөнүндө суроо-талап жиберилген учурда суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жашоо же жүрүү үчүн мыйзамдуу негиздери бар экендиги.
2. Ушул берененин 1-пунктунда каралган реадмиссиялоо боюнча милдеттенме үчүнчү мамлекеттин жаранына же жарандыгы жок адамга төмөнкү учурларда колдонулбайт:
1) суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекети катышуучу болуп саналган эл аралык келишимге ылайык визасыз тартипте суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин аймагына мыйзамдуу түрдө кирген болсо;
2) суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин аймагына түздөн-түз кирүүнүн алдында суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин аймагындагы эл аралык аэропорттун транзиттик зонасында гана болгон болсо;
3) төмөнкү учурларды кошпогондо, суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекети үчүнчү мамлекеттин жаранына же жарандыгы жок адамга анын аймагына киргенге чейин же андан кийин виза же жашоого уруксат берген болсо:
- мындай адам суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекети тарабынан берилген визага же жашоого уруксатка ээ болсо жана анын жарактуу мөөнөтүнүн кеминде жарымы калган болсо;
- суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекети тарабынан берилген виза же жашоого уруксат жасалма документтердин жардамы менен алынган болсо.
3. Үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды реадмиссиялоо үчүн негиздер бар экендигин көрсөтүүчү документтердин тизмеги ушул Макулдашуунун 2-тиркемесинде берилген.
5-берене. Реадмиссиялоо жөнүндө суроо-талаптарды жөнөтүүнүн жана кароонун мөөнөттөрү
1. Реадмиссиялоо жөнүндө суроо-талап суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы тарабынан суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органына адамдын суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин аймагына мыйзамсыз кирүү же мыйзамсыз жүрүү фактысы белгиленген жана (же) анын өздүгү аныкталган датадан тартып 180 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө жиберилет.
2. Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдарынын кароосунда турган адамга карата реадмиссиялоо жөнүндө суроо-талап, качкын статусун, кошумча коргоолорду же башпаанек берүү жөнүндө өтүнүч суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы тарабынан суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин аймагында мындай өтүнүч менен тиешелүү адам кайрылган датадан тартып эки жылдан ашпаган мөөнөттө жиберилет.
3. Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы бул адамды өткөрүп берүү үчүн зарыл болгон, ушул Макулдашуунун 3-беренесинин 1-пунктунда жана 4-беренесинин 1-пунктунда каралган шарттардын жоктугун белгилесе, суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы адамды реадмиссиялоо жөнүндө суроо-талапты алган датадан тартып 30 календардык күндүн ичинде аны кабыл алууга макулдук берет же кабыл алуудан жүйөлүү баш тартат.
4. Реадмиссиялоо жөнүндө суроо-талапка өз убагында жооп берүүгө тоскоол болгон юридикалык же иш жүзүндөгү жагдайлар болгон учурда, суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органынын жүйөлүү кайрылуусунун негизинде жооп берүү мөөнөтү 60 календардык күнгө чейин узартылат.
5. Ушул берененин 1-3-пункттарында каралган документтерде камтылган жеке маалыматтарды өткөрүп берүү ушул Макулдашуунун 13-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.
6-берене. Адамдарды өткөрүп берүүнүн жана кабыл алуунун мөөнөттөрү
1. Эгерде Тараптардын мамлекеттеринин борбордук компетенттүү органдары ар бир конкреттүү учурда башкача макулдашпаса, суроо-талапты алуучу Тарап реадмиссиялоого макулдук берген адамдарды өткөрүп берүү, суроо-талапты жиберүүчү Тарап мындай макулдукту алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
2. Эгерде ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт анда айтылган адамдарды өткөрүп берүүгө тоскоолдук кылган объективдүү жагдайлардын келип чыгышынын себеби боюнча суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органына өткөрүп берүүгө мүмкүн болбосо узартылышы мүмкүн, бул жөнүндө тиешелүү жазуу жүзүндөгү кабарлоо жөнөтүлөт.
3. Суроо-талапты алуучу Тарап реадмиссиялоого макулдук берген адамды өткөрүп берүү мүмкүн болбогон учурда, суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органына токтоосуз түрдө тиешелүү жазуу жүзүндөгү кабарлоону жөнөтөт.
7-берене. Транзиттөө
1. Эгерде суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы үчүнчү мамлекеттин аймагына ал транзиттик же бара турган мамлекет болуп саналганына карабастан, бул адамдардын тоскоолдуксуз кирүүсүнө кепилдик берсе, суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын суроо-талабы боюнча суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин аймагы аркылуу реадмиссиялоо тартибинде үчүнчү мамлекеттерге өткөрүлүп берилүүчү үчүнчү мамлекеттин жарандарынын жана жарандыгы жок адамдарды транзиттөөгө уруксат берет.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды транзиттөө суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдарынын кызматкерлеринин коштоосунда жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды транзиттөө жөнүндө суроо-талап суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы тарабынан алдын ала, эгерде Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары ар бир конкреттүү учурда башкача макулдашпаса, транзиттөө максатында суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин аймагына ал адам келе турган болжолдуу датага чейин 15 календардык күндөн кечиктирилбестен жиберилет.
4. Суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды транзиттөө жөнүндө суроо-талапты алган датадан тартып 7 календардык күндүн ичинде транзиттөөгө макулдук берет же транзиттөөдөн жүйөлүү баш тартат.
5. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды транзиттөөдө суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдары суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдарынын өтүнүчү боюнча мүмкүн болгон жардамды көрсөтөт.
6. Суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды транзиттөөдөн төмөнкү шарттарда баш тартышы мүмкүн, эгер:
1) бара турган же транзиттик мамлекетте үчүнчү өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адам үчүн расасы, дини, улуттук таандыктыгына, ошондой эле белгилүү бир социалдык топко таандыктыгы же саясий көз караштары боюнча кыйноолорго, адамгерчиликсиз же абийирин басмырлаган мамилеге же жазалоого, өлүм жазасына же куугунтукка дуушар болуу коркунучу болсо;
2) мындай адамдардын суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин аймагында болушу, анын ичинде улуттук коопсуздуктун, коомдук тартиптин же калктын саламаттыгынын кызыкчылыгына ылайыксыз болсо.
7. Суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдары транзиттик өтүүгө берилген уруксатка карабастан, эгерде алар суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин аймагына киргенден кийин аларга карата ушул берененин 6-пунктунда каралган жагдайлар белгиленсе, ошондой эле эгер баруучу же транзиттик мамлекеттин аймагына тоскоолдуксуз кирүүгө мындан ары кепилдик берилет деп эсептөөгө мүмкүн болбосо, ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдарына кайтарып бере алат.
8. Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары жараны болгон же туруктуу жашаган мамлекеттерине түздөн-түз кайтарылып бериши мүмкүн болгон үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды транзиттөө учурларын чектөө боюнча чараларды өз ара негизде көрөт.
8-берене. Аңгемелешүү
1. Аңгемелешүү суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын өкүлү же суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетиндеги суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан жүргүзүлөт.
2. Аңгемелешүү суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан, суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын өкүлү же суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетиндеги суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан ушул Макулдашуунун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн аңгемелешүүнү өткөрүү жөнүндө суроо-талапты алган датадан тартып 14 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.
3. Аңгемелешүүнү жүргүзүү датасы, убактысы жана орду Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан ар бир конкреттүү учурда макулдашылат.
4. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча реадмиссияланууга тийиш болгон адам ушул Макулдашуунун 4-тиркемесине ылайык арызды толтурат.
9-берене. Реадмиссиялоо жөнүндө суроо-талаптын мазмуну жана жиберүү тартиби, ага жооп жиберүү тартиби
1. Ушул Макулдашуунун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн, реадмиссиялоо жөнүндө суроо-талап суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы тарабынан суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органына маалыматты берүүнүн техникалык каражаттарынын жардамы менен электрондук почта аркылуу гана жиберилет.
2. Тараптардын мамлекеттеринин жарандарын реадмиссиялоо жөнүндө суроо-талапка ушул Макулдашуунун 1-тиркемесинде каралган суроо-талапты жиберүүчү Тараптын карамагында болгон документтер тиркелет, алардын болушу реадмиссияланууга тийиш болгон адамда суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин жарандыгы бар экенин тастыктайт же болбосо болжолдоого негиз берет.
3. Үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө суроо-талапка ушул Макулдашуунун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн, суроо-талапты жиберүүчү Тараптын тескөөсүндө болгон документтер тиркелет, алардын болушу аталган адамдарды реадмиссиялоо үчүн негиздердин бар экендигин далилдейт.
4. Зарыл болгон учурда суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы реадмиссиялоо жөнүндө суроо-талаптын "Б" пунктунда реадмиссияланууга тийиш болгон адамдын өзгөчө кооптуулугу жана ден соолугунун абалы жөнүндө кошумча маалыматты көрсөтөт.
5. Реадмиссиялоо жөнүндө суроо-талапка жооп суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органына суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы тарабынан ушул Макулдашуунун 5-беренесинин 3-пунктунда белгиленген мөөнөттө, маалымат берүүнүн техникалык каражаттарынын жардамы менен электрондук почта аркылуу жазуу жүзүндө гана жиберилет.
10-берене. Транзиттөө жөнүндө суроо-талапты жана ага жоопту жиберүү тартиби
1. Ушул Макулдашуунун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн транзиттөө жөнүндө суроо-талап суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы тарабынан суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органына ушул Макулдашуунун 7-беренесинин 3-пунктунда белгиленген мөөнөттө, маалымат берүүнүн техникалык каражаттарынын жардамы менен электрондук почта аркылуу гана жиберилет.
2. Зарыл болгон учурда суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы транзиттөө жөнүндө суроо-талаптын "Б" пунктунда транзиттелүүгө тийиш болгон адамдын өзгөчө кооптуулугу жана ден соолугунун абалы жөнүндө кошумча маалыматты көрсөтөт.
3. Транзиттөө жөнүндө суроо-талапка жооп суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органына суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы тарабынан ушул Макулдашуунун 7-беренесинин 4-пунктунда белгиленген мөөнөттө, маалымат берүүнүн техникалык каражаттарынын жардамы менен электрондук почта аркылуу гана жиберилет.
11-берене. Реадмиссиялоо же транзиттөө жол-жобосу
1. Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун 3-беренесинин 1-пунктунда жана 4-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды реадмиссиялоону, ошондой эле мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды транзиттөөнү жүргүзөт.
2. Реадмиссиялоо же транзиттөө датасы жана убактысы, ошондой эле бул максаттарда пайдаланылуучу Тараптардын мамлекеттеринин эл аралык аэропортторундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары ар бир конкреттүү учурда Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын өз ара макулдугу боюнча аныкталат.
3. Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы реадмиссияланууга тийиш болгон адамды өткөрүп берүү пландалган датага чейин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органына мындай өткөрүп берүүнүн шарттары жөнүндө кабарлайт.
4. Суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы мындай маалыматты алган датадан тартып 5 жумуш күндөн кечиктирбестен суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органына өткөрүп берүүнүн шарттарынын алгылыктуулугу жөнүндө кабарлайт.
5. Эгерде суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы тарабынан сунушталган өткөрүп берүүнүн шарттары суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы үчүн алгылыксыз болсо, өткөрүп берүүнүн башка шарттары мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө макулдашылууга тийиш.
12-берене. Реадмиссияланууга же транзиттелүүгө тийиш болгон адамды коштоо
1. Адамды коштоо менен реадмиссиялоо же транзиттөө зарыл болгон учурда суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органы суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин борбордук компетенттүү органына коштоочу адамдардын аты-жөнүн жана кызмат орундарын, алардын паспортторунун түрүн, номерин, берилген датасын жана жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле алардын суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жүрүүсүнүн болжолдуу мөөнөттөрүн билдирет.
2. Коштоочу адамдар суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жүргөн учурда анын мыйзамдарын сактайт.
3. Коштоочу адамдар жарандык кийимчен болууга, ошондой эле жарактуу паспортун жана реадмиссиялоо же транзиттөө боюнча макулдашылган келишим жөнүндө күбөлөндүрүлгөн документтерди алып жүрүүгө тийиш.
4. Коштоочу адамдар суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин аймагында чектелген же колдонуудан алып салынган куралды жана башка буюмдарды алып жүрө албайт.
5. Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин аймагында коштоочу адамдардын жүрүүсүн камсыздоого байланышкан бардык маселелер боюнча бири-бири менен өз ара аракеттенет. Ошол эле учурда суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдары зарыл болгон учурда коштоочу адамдарга мүмкүн болгон жардамды көрсөтөт.
13-берене. Жеке маалыматтарды коргоо
1. Ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары бири-бири менен алмашкан же өткөрүп берген реадмиссияланууга тийиш болгон адамдардын жеке маалыматтары Тараптардын ар биринин мамлекетинде анын мыйзамдарына жана Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык корголууга тийиш.
2. Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары төмөнкү шарттарды сактоо менен жеке маалыматтарды алмашат:
1) жеке маалыматтар ушул Макулдашуунун максаттары үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн;
2) Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары ушул Макулдашууга ылайык алынган жеке маалыматтардын купуялуулугун камсыздайт жана жеке маалыматтарды берген Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдарынын жазуу жүзүндөгү макулдугунан тышкары, аларды үчүнчү тарапка бербейт жана мындай маалыматтарды берген Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдарына алар кандайча колдонулгандыгы жөнүндө кабарлайт;
3) Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары жеке маалыматтарды жоготуудан, санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн, өзгөрүүдөн же ачыкка чыгаруудан коргоону камсыздайт.
14-берене. Чыгымдар
1. Ушул Макулдашуунун 3-беренесинин 1-пунктунда жана 4-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды реадмиссиялоого жана суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктуна чейин мүмкүн болгон коштоого байланышкан чыгымдарды эгерде аталган адамдар өз алдынча же үчүнчү тарап төлөй албаса, суроо-талапты жиберүүчү Тарап төлөйт.
2. Ушул Макулдашуунун 7-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды транзиттөөгө жана мүмкүн болгон коштоого, ошондой эле аларды мүмкүн болгон кайра кайтарууга байланышкан чыгымдарды эгерде аталган адамдар өз алдынча же үчүнчү тарап төлөй албаса, суроо-талапты жиберүүчү Тарап төлөйт.
3. Ушул Макулдашуунун 3-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды өткөрүп берүүгө жана аларды суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктуна чейин мүмкүн болгон коштоого байланышкан чыгымдарды аракеттери же аракетсиздиги реадмиссиялоо үчүн негиз болбогон адамды өткөрүп берүүгө алып келген Тарап төлөйт.
15-берене. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото туруу жана кайра баштоо
1. Ар бир Тарап улуттук коопсуздукту коргоого, коомдук тартипти камсыздоого же калктын саламаттыгын сактоого байланышкан себептер боюнча ушул Макулдашуунун колдонулушун жарым-жартылай же толугу менен токтото турат.
2. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото туруу же кайра баштоо жөнүндө бир Тарап экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча мындай чечимди ишке ашыруу башталганга чейин 72 сааттан кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирет.
16-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
1. Ушул Макулдашууну ишке ашырууга же чечмелөөгө байланышкан Тараптардын ортосундагы мамилелерде келип чыккан талаш-тартыштуу маселелер Тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
2. Консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартиби Тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.
17-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет. 18-берене. Тили Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу максатында ушул Макулдашуунун 1-6-тиркемелеринде каралган документтер Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан орус тилинде таризделет. 19-берене. Тиркемелер Ушул Макулдашуунун 1-6-тиркемелери анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 20-берене. Башка эл аралык келишимдерге карата мамиле Ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттери катышуучусу болуп саналган башка эл аралык келишимдердин негизинде тигил же бул адамды кайтарып берүүгө тоскоолдук жаратпайт. 21-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлама дипломатиялык каналдар аркылуу алынган датадан тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуунун 4-беренесинин жоболору ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып 3 жыл өткөндөн кийин колдонула баштайт. Ушул үч жылдык мезгилдин ичинде аталган жоболор Кыргыз Республикасынын жана (же) Беларусь Республикасынын алар менен реадмиссиялоо жөнүндө колдонуудагы эл аралык келишимдери бар үчүнчү мамлекеттердин жарандарына жана үчүнчү мамлекеттердин жарандыгы жок адамдарга карата гана колдонулат.
3. Ушул Макулдашуу чектелбеген мөөнөткө түзүлөт жана анын колдонулушу бир Тарап дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тараптын аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарламасын алган датадан тартып 60 календардык күн өткөндөн кийин токтотулат.
4. Ушул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда Тараптар ал колдонулган мезгилде келип чыккан милдеттенмелерди жөнгө салат.
_____________ 20___-жылдын "___" ___________ эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлгөн, эки текст тең бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти пайдаланат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн
Беларусь Республикасынын Өкмөтү үчүн
20__-жылдын "___" _________ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууга 1-тиркеме
Жарандыктын бар экендигинин далилдери
1. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын бар экендиги төмөнкү документтер менен тастыкталат:
1) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту - ID-карта;
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын дипломаттык паспорту;
3) Кыргыз Республикасынын жаранынын кызматтык паспорту;
4) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;
5) Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк.
2. Беларусь Республикасынын жарандыгынын бар экендиги төмөнкү документтер менен тастыкталат:
1) Беларусь Республикасынын жаранынын паспорту;
2) Беларусь Республикасынын жаранынын дипломаттык паспорту;
3) Беларусь Республикасынын жаранынын кызматтык паспорту;
4) Беларусь Республикасынын жаранынын идентификациялык картасы;
5) Беларусь Республикасынын жаранынын биометриялык паспорту;
6) Беларусь Республикасынын жаранынын биометриялык дипломаттык паспорту;
7) Беларусь Республикасынын жаранынын биометриялык кызматтык паспорту;
8) Беларусь Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк.
3. Төмөнкүлөр болгондо адамды Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ деп эсептөөгө негиз болот:
1) колдонуу мөөнөтү аяктаган, ушул тиркеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтер;
2) ушул тиркеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
3) реадмиссияланууга тийиш болгон адам тарабынан толтурулган, ушул Макулдашуунун 4-тиркемесинде каралган арыз;
4) тиешелүү органдар тарабынан мыйзамдуу негизде алынган күбөлөрдүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү;
5) компетенттүү кызмат адамдарынын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү;
6) реадмиссияланууга тийиш болгон адам менен аңгемелешүүнүн оң натыйжалары.
4. Төмөнкүлөр болгондо адамды Беларусь Республикасынын жарандыгына ээ деп эсептөөгө негиз болот:
1) колдонуу мөөнөтү бүткөн, ушул тиркеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтер;
2) ушул тиркеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
3) 1991-жылдын 12-ноябрын кошкондо Беларусь Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча каттоо жөнүндө штамп коюлган СССРдин жаранынын паспорту;
4) реадмиссияланууга тийиш болгон адам тарабынан толтурулган, ушул Макулдашуунун 4-тиркемесинде каралган арыз;
5) тиешелүү органдар тарабынан мыйзамдуу негизде алынган жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр;
6) мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү;
7) реадмиссияланууга тийиш болгон адам менен аңгемелешүүнүн оң натыйжалары.
5. Эгер суроо-талапты жиберүүчү Тараптын пикири боюнча ушул берененин 1-4-бөлүктөрүндө каралбаган башка документтер жана маалыматтар реадмиссияланууга тийиш болгон адамдын жарандык таандыктыгын аныктоо үчүн олуттуу мааниге ээ болсо, анда мындай документтер да реадмиссиялоо жөнүндө суроо-талапка тиркелиши мүмкүн. Реадмиссиялоо жөнүндө суроо-талапты кароодо мындай документтерди жана маалыматтарды эске алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы тарабынан чечилет.
20__-жылдын "___" ___________ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууга 2-тиркеме
Үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды реадмиссиялоо үчүн негиздер бар экендигинин далилдери
1. Үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды реадмиссиялоо үчүн негиздер бар экендигинин далилдери болуп төмөнкү жарактуу документтер кызмат кылат:
1) Тараптардын мамлекеттеринин тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарынын өздүгүн күбөлөндүргөн жана мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берген документтин кандай болбосун түрүндөгү кирүү (чыгуу) белгиси;
2) жалган жана жасалма документте Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын кирүү (чыгуу) белгиси;
3) суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жашоого жарактуу уруксаты;
4) суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекети тарабынан берилген качкындын жарактуу күбөлүгү;
5) суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекети тарабынан берилген качкындын жарактуу жол жүрүү документи;
6) үчүнчү мамлекеттин жаранынын же жарандыгы жок адамдын өздүгүн күбөлөндүргөн, суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинде жашоого укук берген белгиси бар документ.
2. Ушул тиркеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди Тараптар кошумча формалдуулуксуз тааныйт.
3. Үчүнчү мамлекеттердин жарандарынын жана жарандыгы жок адамдарды реадмиссиялоо үчүн негиздердин бар экендигинин кыйыр далили болуп төмөнкү документтер кызмат кылат:
1) колдонуу мөөнөтү 180 календардык күндөн ашпаган күндөн мурда бүткөн суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жашоого уруксат, качкындын күбөлүгү жана качкындын жол жүрүү документи;
2) суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин аймагында берилген, колдонуу мөөнөтү бүткөн виза;
3) мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү;
4) реадмиссияланууга тийиш болгон адамдын мыйзамдуу негизде алынган жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү;
5) күбөлөрдүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү.
4. Эгерде суроо-талапты алуучу Тарап аларды далилдүү түрдө четке какпаса гана, ушул Тиркеменин 3-пунктунда көрсөтүлгөн документтер, үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды реадмиссиялоо үчүн негиз катары таанылат.
20__-жылдын "___" ___________ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууга 3-тиркеме
Формасы
Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин герби
__________________________________________ (суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын аталышы)
_________________________________________ (орду жана күнү)
Номери ___________________________________
Кимге ____________________________________ (суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын аталышы)
20___-жылдын "___" __________ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуунун 8-беренесине ылайык маектешүүнү өткөрүү тууралуу СУРОО-ТАЛАП
A. Жеке маалыматтар
1. Фамилиясы, аты, атасынын аты, экинчи аты
(фамилиянын асты сызылат) ________________________________________________________
2. Кыз кезиндеги фамилиясы ________________________________________________________ Сүрөт
3. Туулган күнү жана жери __________________________________________________________
4. Жынысы жана сырткы келбетинин сүрөттөлүшү (бою, көзүнүн түсү, айырмалоочу белгилери жана башка)
____________________________________________________________________________________________
5. Төмөнкүлөр катары да белгилүү (мурдагы ысымдары, ал тарабынан пайдаланылган, ал белгилүү болгон
башка ысымдар же лакап аттар) ________________________________________________________________
6. Жарандыгы жана тили ______________________________________________________________________
7. Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн/бойдок
ажырашкан/жесир Жубайынын аты (эгер үй-бүлөлүү болсо) жана анын турган жери ____________________________________ ____________________________________________________________________________________________ Балдарынын аттары жана курагы (эгер бар болсо) жана алардын турган жери ____________________________________________________________________________________________
8. Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетиндеги акыркы турган жери __________________________
____________________________________________________________________________________________
9. Суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинде жашаган акыркы дареги ____________________________
____________________________________________________________________________________________
10. Орун которуу маршруттары жөнүндө маалымат ________________________________________________
11. Ден соолугунун абалы _____________________________________________________________________
12. Адамдын колунда болгон документтери:
______________________________________ (документтин түрү)
______________________________________ (берилген күнү жана орду)
______________________________________ (документти берген орган)
______________________________________ (колдонуу мөөнөтү аяктаган дата)
Б. Эскертүү
____________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________ Маектешүү өтө турган жер _____________________________________________________________________
______________________________________________ (Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын кызмат адамынын колу)
______________________________________ (инициалы, фамилиясы)
М.О.
20__-жылдын "___" __________ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууга 4-тиркеме
Формасы
20___-жылдын "___" ____________ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууга ылайык реадмиссияланууга тийиш болгон адамдын АРЫЗЫ
1. Фамилиясы, аты, атасынын аты, экинчи аты (фамилиянын асты сызылат)
____________________________________________________________________________________________
2. Кыз кезиндеги фамилиясы __________________________________________________________________
3. Туулган датасы жана жери __________________________________________________________________
4. Өздүгүн тастыктаган документ _______________________________________________________________
5. Жарандыгы _______________________________________________________________________________
6. Суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жашаган жакын туугандары жөнүндө
маалыматтар _______________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________________
7. Суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жашаган жеринин дареги
___________________________________________________________________________________________
8. Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин аймагына кирген дата
____________________________________________________________________________________________
9. Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү ыкмасы
____________________________________________________________________________________________
10. Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин аймагына кирүүсүнүн максаты
____________________________________________________________________________________________
11. Башка маалыматтар ______________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________ (жеке колу) ______-жылдын "___" ______________ Арыз түзүлгөн жер ___________________________________________________________________________
_______________________________________________ (суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын кызмат адамынын колу)
_______________________________________ (инициалы, фамилиясы)
М.О.
20__-жылдын "___" __________ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууга 5-тиркеме
Формасы
Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин герби
__________________________________________ (суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын аталышы)
_________________________________________ (орду жана датасы)
Номери ___________________________________
Кимге ____________________________________ (суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын аталышы)
20___-жылдын "___" _________ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуунун 9-беренесине ылайык реадмиссиялоо жөнүндө СУРОО-ТАЛАП
А. Жеке маалыматтар
1. Фамилиясы, аты, атасынын аты, экинчи аты
(фамилиянын асты сызылат) _____________________________________________________
2. Кыз кезиндеги фамилиясы _____________________________________________________ Сүрөт
3. Туулган датасы жана жери ____________________________________________________
4. Жынысы жана сырткы келбетинин сүрөттөлүшү (бою, көзүнүн түсү, айырмалоочу белгилери жана башка)
____________________________________________________________________________________________
5. Төмөнкүлөр катары да белгилүү (мурдагы ысымдары, ал тарабынан пайдаланылган, ал белгилүү болгон
башка ысымдар же псевдонимдер) _____________________________________________________________
6. Жарандыгы жана тили ______________________________________________________________________
7. Жашап турууга берилген уруксаттар, убактылуу жашап турууга уруксат, жашаган жери же визалары
жөнүндө маалыматтар ________________________________________________________________________
8. Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн (күйөөгө чыккан), бойдок
ажырашкан, жесил (жесир) Жубайынын аты (эгер үй-бүлөлүү болсо) жана анын турган жери ____________________________________ ___________________________________________________________________________________________ Балдарынын аттары жана жашы (эгер болсо) жана алардын турган жери ___________________________________________________________________________________________
9. Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетиндеги акыркы турган жери
___________________________________________________________________________________________
10. Суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинде жашаган акыркы дареги
___________________________________________________________________________________________
11. Орун которуу маршруттары жөнүндө маалыматтар ____________________________________________
___________________________________________________________________________________________
12. Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин аймагына адамдын мыйзамсыз киргендиги же
жүргөндүгү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн негиздер ___________________________________________________________________________________________
Б. Өткөрүп берилүүчү адамга тиешелүү өзгөчө жагдайлар
1. Ден соолугунун абалы (өзгөчө медициналык жардамдын зарылдыгына, жугуштуу оорунун аталышына
жана башкаларга мүмкүн болгон көрсөтмөлөр) ___________________________________________________
2. Адамдын өзгөчө кооптуулугу жөнүндө белги (кылмыш жасоого шектелүүдө, агрессивдүү жүрүм-турумга
жакын жана башкалар) _______________________________________________________________________
В. Жарандык таандыктыгын тастыктаган тиркелген далилдер
1. Жарандык таандыктыгын тастыктаган документтер:
______________________________________ (документтин түрү)
________________________________________ (берилген датасы жана орду)
______________________________________ (документти берген орган)
________________________________________ (жарактуулук мөөнөтү аяктаган дата)
2. Жарандык таандыктыгын болжолдоого негиз берген документтер жана маалыматтар
___________________________________________________________________________________________
Г. Эскертүү
___________________________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________________
_____________________________________________________ (суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын кызмат адамынын колу)
_______________________________ (инициалы, фамилиясы)
М.О.
20__-жылдын "___" __________ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууга 6-тиркеме
Формасы
Суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин герби
__________________________________________ (суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын аталышы)
_________________________________________ (орду жана күнү)
Номери ___________________________________
Кимге ____________________________________ (суроо-талапты алуучу Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын аталышы)
20___-жылдын "___" __________ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуунун 10-беренесине ылайык транзиттөө жөнүндө СУРОО-ТАЛАП
A. Жеке маалыматтар
1. Фамилиясы, аты, атасынын аты, экинчи аты
(фамилиянын асты сызылат) __________________________________________________
2. Кыз кезиндеги фамилиясы __________________________________________________ Сүрөт
3. Туулган күнү жана жери ____________________________________________________
4. Жынысы жана сырткы келбетинин сүрөттөлүшү (бою, көзүнүн түсү, айырмалоочу белгилери жана башка)
____________________________________________________________________________________________
5. Төмөнкүлөр катары да белгилүү (мурдагы ысымдары, ал тарабынан пайдаланылган, ал белгилүү болгон
башка ысымдар же лакап аттар) _______________________________________________________________
6. Жарандыгы жана тили ______________________________________________________________________
7. Жол жүрүү документинин түрү жана номери ____________________________________________________
Б. Өткөрүп берилүүчү адамга тиешелүү өзгөчө жагдайлар
1. Ден соолугунун абалы (өзгөчө медициналык камкордуктун зарылдыгына мүмкүн болгон көрсөтмөлөр,
жугуштуу оорунун аталышы жана башкалар) _____________________________________________________
2. Адамдын өзгөчө кооптуулугу жөнүндө белги (кылмыш жасоого шектелүүдө, агрессивдүү жүрүм-турумга
жакын жана башка) __________________________________________________________________________
B. Транзиттик операция
1. Бара турган мамлекети ____________________________________________________________________
2. Башка мүмкүн болгон мамлекеттин транзити __________________________________________________
3. Мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн сунушталган орду, датасы, убактысы _______________________
___________________________________________________________________________________________
4. Коштоочу адамдар жөнүндө маалымат: ______________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
Г. Эскертүү
___________________________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________________ Адамды кабыл алуу башка мамлекеттин транзити жана (же) бара турган мамлекет тарабынан кепилденет.
_______________________________________________ (суроо-талапты жиберүүчү Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын кызмат адамынын колу)
_____________________________________ (инициалы, фамилиясы)
М.О.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.