Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому» коомдук бирикмесин сурдокотормо кызматтарын жалгыз көрсөтүүчү деп аныктоо тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 3-июну № 301-т
Угуусу жана сүйлөөсү боюнча майыптыгы бар жарандарга сурдокотормо кызматтарын көрсөтүүнү уюштуруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 54 тескемесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмеси сурдокотормо кызматтарын жалгыз көрсөтүүчү болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бир булактан сатып алуу методу менен сурдокотормо кызматтарын сатып алууга ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүчү менен контракт түзсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул тескеме эки жыл аралыгында колдонулат деп белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-мартындагы ПТ N 54 (Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү…Распоряжение · 15.03.2024 · № 54