Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу эрежелери (Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23- ноябрындагы № 5-д буйругуна)
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23- ноябрындагы № 5-д буйругунун
1 -тиркемеси
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу эрежелери
1. Жалпы жоболор
1. Ушул эрежелер мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматта көрсөтүүдө жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу тартибин белгилейт.
2. Жөнөкөй электрондук колтамга болуп колтамга ачкычы электрондук колтамганын өзүнө дал келген электрондук колтамга эсептелет (коддор, сыр сөздөр жана башка идентификаторлор).
3. Колтамга ачкычы - электрондук колтамганы түзүү үчүн иштелип чыккан символдордун уникалдуу ырааттуулугу.
4. Жөнөкөй электрондук колтамга жеке алып жүрүүчүгө ээ эмес, колдонуучу тарабынан түзүлөт же логиндерди, коддорду, паролдорду жана идентификациялоочу мүнөздөгү башка маалыматтарды колдонуу менен маалыматтык система тарабынан түзүлөт.
5. Жөнөкөй электрондук колтамга электрондук мамлекеттик же электрондук муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуучу маалыматтык инфратүзүм тарабынан колдонуучуларга берилет.
6. Жөнөкөй электрондук колтамга банктык операцияларда, веб-сайттарда колдонуучуларды авторлоштүрүуда, корпоративдик маалымат системаларында аутентификациялоодо, электрондук документ жүгүртүү системаларында документтерди күбөлөндүрүүдө жана күчөтүлгөн электрондук колтамганы колдонуу талап кылынбаган башка учурларда колдонулушу мүмкүн.
7. Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды камтыган электрондук документтерге же мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды камтыган маалыматтык системага кол коюу үчүн жөнөкөй электрондук колтамганы колдонууга жол берилбейт.
2. Ачкычтарды түзүү жана берүү эрежелери
8. Жөнөкөй электрондук колтамганы түзүү, берүү жана алмаштыруу укугуна мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санаринтик формада берүү үчүн колдонулуучу ведомстволор аралык электронук өз ара аракеттенүү инфратүзүмүнө кошулган органдар жана уюмдар (мындан ары - электрондук колтамганы берүү операторлору) ээ.
9. Электрондук колтамганы берүү операторлору жөнөкөй электрондук колтамганын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды сактоого милдеттүү.
10. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу максатында колдонуу үчүн жөнөкөй электрондук колтамганы берүү жана алмаштыруу акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
11. Жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуучу аны колдонуу эрежелери менен тааныш болушу керек.
12. Колдонуучу талап кылынган операцияларды аткарууга техникалык мүмкүнчүлүгү бар болсо, андан ары ачкычты генерациялоо сервисин колдонуу менен ачкычты өз алдынча алмаштыра алат.
13. Арыз ээси - ачкычтын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ачкычты купуя сактоо, анын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө;
- ушул Эрежелерде белгиленген тартипте жөнөкөй электрондук колтамганы түзүүгө;
- жөнөкөй электрондук колтамганын купуялуулугу бузулган учурда, бул тууралуу электрондук колтамганы берүү операторуна токтоосуз генерациялоого.
14. Электрондук колтамганы берүү операторлору арыздарды жеке кабыл алууда же электрондук формада онлайн режиминде кабыл алышат.
15. Юридикалык жактын арызында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- юридикалык жактын аталышы жана жайгашкан жери;
- юридикалык жактын негизги мамлекеттик каттоо номери;
- ыйгарым укуктуу адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты (эгерде
болсо);
- ыйгарым укуктуу адамдын идентификациялык жеке номери:
- "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык арызда көрсөтүлгөн анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга ыйгарым укуктуу адамдын макулдугу.
16. Эгерде электрондук колтамганы берүү процессинде электрондук колтамганы берүү оператору арыз ээсинин ким экендигин аныктоодо ката кетирген болсо, анда ал жарандык-укуктук жоопкерчиликти, ал эми мыйзамдарда белгиленген учурларда кетирилген катанын натыйжасында мамилелердин катышуучулары үчүн пайда болгон жагымсыз кесспеттер үчүн башка жоопкерчиликти тартат.
17. Электрондук формада жөнөкөй электрондук колтамганы алууга арызды берүүдө электрондук колтамганы берүү оператору арыз ээсине өз алдынча каттоону жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат, мында арыз ээси жөнөкөй электрондук колтамганы алуунун төмөнкү жеткиликтүү ыкмаларынын бирин көрсөтүүгө укуктуу:
- электрондук колтамганы берүү операторунан түздөн-түз:
- арыз ээсинин электрондук почтасы аркылуу жөнөкөй электрондук колтамганы алуу мүмкүнчүлүгүн караган, анын ичинде кыска билдирүүлөрдү (SMS) жөнөтүү жана алуу жолу менен арыз ээсинин коммуникациясынын жеке каражаттарын пайдалануу жолу менен.
18. Жөнөкөй электрондук колтамганы түздөн-түз арыз ээсине тапшырган учурда электрондук колтамганы берүү оператору арыз ээсинин (жеке жактын же ыйгарым укуктуу жактын) ким экендигин төмөнкү ыкмалар менен аныктоого милдеттүү:
- арыз ээси көрсөткөн ким экендигин ырастоочу негизги документ боюнча;
- ыйгарым укуктуу адам тарабынан анын ким экендигия ырастоочу негизги документ, ошондой эле юридикалык жактын атынан аракеттенүүгө анын укугун ырастоочу документ боюнча;
- арыз ээси берген маалыматты мамлекеттик жана муниципалдык маалымат системаларындагы маалыматтар менен салыштыруу жана мындай салыштыруунун оң натыйжасын алуу жолу менен арыз ээсинин коммуникациясынын жеке каражаттарын (арыз ээсинин электрондук почтасын же көчмө радиотелефон байланыш түзүлүшүн) колдонуу менен арыз ээси берген маалыматтардын ырастоосун алууга.
19. Кайрылууга кол коюлган жөнөкөй электрондук колтамганын аныктыгын текшерүү кызматтын аткаруучусу тарабынан тиешелүү идентификациялоо сервисин колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
20. Юридикалык жана жеке жактардын арызы боонча жөнөкөй электрондук колтамганы берүү оператору жөнөкөй электрондук колтамганы токтоосуз жокко чыгарат.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-ноябрындагы № 5-д буйругунун
2-тиркемеси
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан күчөтүлгөн электрондук колтамганы колдонуу эрежелери І. Жалпы коболор
1. Ушул Эрежелер электрондук өз ара аракеттенүүдө же электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан күчөтүлгөн электрондук колтамганы колдонуу тартибин белгилейт.
2. Ушул Эрежелер мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды камтыган электрондук документтерди алмашууда пайда болгон мамилелерге карата колдонулбайт.
3. Күчөтүлгөн электрондук колтамга электрондук колтамганын бир түрү болуп саналат жана маалыматтардын бүтүндүгүн текшерүүнү камсыз кылган жана авторлукту тастыктаган маалыматты коргоонун криптографиялык методдорун колдонот. Күчөтүлгөн квалификацияланбаган электрондук колтамга (мындан ары - квалификацияланбаган электрондук колтамга) жана күчөтүлгөн квалификацияланган электрондук колтамга (мындан ары - квалификацияланган электрондук колтамга) болуп айырмаланат.
4. Квалификацияланбаган электрондук колтамга - бул колтамга ачкычын колдонуу менен маалыматты криптографиялык өзгөртүүдөн алынган электрондук колтамга. Квалификацияланбаган электрондук колтамга электрондук документке кол койгон адамды идентификациялайт жана ага кол коюлгандан кийин документке киргизилген өзгөртүүлөрдү аныктоого мүмкүндүк берет.
Квалификацияланбаган электрондук колтамга чектелген чөйрөгө ээ жана корпоративдик электрондук документ жүгүртүү системаларында жана электрондук келишимдерге кол коюуда, буйрутмаларды тариздөөдө, төлөмдөрдү жана онлайн-дүкөндөрдө башка транзакцияларды жүргүзүүдө колдонулушу мүмкүн. Квалификацияланбаган электрондук колтамга менен кол коюлган электрондук документтерди өз колу менен коюлган колтамка менен кагаз жүзүндөгү документтерге барабар деп таануу учурларын белгилеген ченемдик укуктук актылар жана электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын макулдашуулары квалификацияланбаган электрондук колтамганы текшерүү тартибин караштырууга тийиш.
5. Квалификацияланган электрондук колтамга квалификацияланбаган электрондук колтамгадан айырмаланат, анткени квалификацияланган электрондук колтамга аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлор тарабынан гана берилет, жогорку денгээлде корголот жана электрондук колтамганы текшерүү ачкычынын сертификатын камтыйт.
Квалификацияланган электрондук колтамга өз колу менен кол коюлган колтамга менен юридикалык жактан бирдей деп таанылат жана документтин авторлугун тастыктайт, кол коюлгандан кийин анын бутундугунө жана өзгөрбөстүгүнө кепилдик берет.
6. Квалификацияланган электрондук колтамга менен кол коюлган электрондук документ сотто жана мамлекеттик органдарда юридикалык күчкө өз электрондук документ катары таанылат.
7. Квалификацияланган электрондук колтамганы колдонуу үчүн арыз ээси ушул Эрежелерге ылайык бирдиктүү идентификациялоо системасында же мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корпоративдик маалыматтык системасынын ичинде катталуута тийиш.
8. Квалификацияланган электрондук колтамга төмөнкү максаттар үчүн колдонулушу мүмкүн:
- Мамлекеттик сатып алуулар порталында тендердик сатып алууларга катышуу;
- бирдиктүү салык декларациясын жана салык отчетун берүү:
- финансылык же бухгалтердик документтерге кол коюу:
- сатып алуу-сатуу боюнча келишимдерге жана башка юридикалык маанилүү документтерге кол коюу;
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу;
- нотариалдык кызматтарды көрсөтүү;
- Бирдиктүү идентификациялоо системасында жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларында арыз ээсин аутентификациялоо.
9. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенуу "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлор тарабынан берилген квалификацияланган электрондук колтамгаларды өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары тарабынан колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
10. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларына, анын ичинде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн тиешелүү катышуучусунун атынан электрондук документерге кол коюу боюнча ыйгарым укук берилген айгарым укуктуу адамдарга колтамганы текшерүүчү ачкычтын квалификацияланган сертификатын берүү аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлор тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүдө электрондук колтамганы түзүү үчүн колдонулуучу электроидук колтамга каражаттары ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуучу электрондук колтамга каражаттарынын шайкештигин камсыздоого талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
12. Электрондук колтамганын ар кандай түрү менен кол коюлган электрондук документ убакыт белгисин - ага кол коюлган учур жөнүндө анык маалыматты камтууга тийиш.
13. Маалыматтык системалар аркылуу алынган электрондук документтердин бүтүндүгүн текшерүү, ошондой эле бул документтерге кол коюлган электрондук колтамгаларды текшерүү электрондук колтамганы текшерүү сервистери аркылуу жүзөгө ашырылат.
14. Электрондук колтамганы текшерүү аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарын колдонуу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү Министрлигинин 2023-жылдын 23-ноябрындагы № 5-д буйругунун
3-тиркемеси
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бири-бири менен электрондук өз ара аракеттенүүсүн уюштүрууда электрондук колтамга каражаттарынын шайкештигин камсыздоого талаптар
1. Ушул Талаптар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жана мамлекеттик же муниципалдык функцияларды аткарууда электрондук түрдө ишке ашырылуучу маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштурууда алардын шайкештигин камсыз кылуу максатында электрондук колтамга каражаттарына коюлат.
Ушул Талаптар мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарды камтыган электрондук документтерди алмашууну жүзөгө ашырууда колдонулуучу электрондук колтамга каражаттарына колдонулбайт.
2. Электрондук түрдө жүзөгө ашырылуучу маалыматтык өз ара аракеттенүүдө колдонуу үчүн колдонулуучу же пландаштырылган электрондук колтамга каражаттары көрсөтүлгөн колтамга менен кол коюлган документтин мазмунун бирдей чагылдыруу менен күчөтүлгөн квалификацияланган электрондук колтамганын аныктыгын таануу шарттарын текшерүү жол-жобосунун бирдей натыйжасын камсыздоо өз ара шайкеш деп эсептелет.
3. Маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары колдонгон электрондук колтамга каражаттарынын шайкештигин камсыз кылуу максатында электрондук колтамганын ачкычтары, электрондук колтамганы текшерүү “Электрондук колтамга жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Санариптик Өнүктүрүү Министрлигинин 2023-жылдын 23-ноябрындагы № 5-д "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан…Приказ · 23.11.2023 · № 5-д
- Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөЗакон · 14.04.2008 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Электрондук колтамга жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 128 · Күчүн жоготкон