1-берене
Күчүндө · 11.06.2024 редакциясы
("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги онунчу абзацта "унаа" деген сөз "түзүлүш" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"жөө жүрүүчү - транспорт каражатына түшпөй жолдо, же болбосо жөө жүрүүчү же велосипед жүрүүчү жолчодо жүргөн жана аларда иш аткарбаган адам. Жөө жүрүүчүлөргө майыптардын коляскасында бараткан, жеке мобилдүүлүк каражатын, велосипедди, мопедди, мотоциклди жетелеген, чананы, арабаны, балдардын же майыптардын коляскасын сүйрөгөн, ошондой эле жүрүү үчүн ролик конькилерин, самокаттарды жана башка ушул сыяктуу каражаттарды пайдаланган адамдар теңештирилет; жеке мобилдүүлүк каражаты - кыймылдаткычты (кыймылдаткычтарды) пайдалануу аркылуу адамдын жекече жүрүүсүнө арналган, бир же бир нече дөңгөлөктөрү (роликтери) бар транспорт каражаты (электросамокаттар, электроскейтборддор, гироскутерлер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр жана башка ушул сыяктуу каражаттар). Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо (киреге, ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр ж.б.) менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.";
2) 5-статьянын төртүнчү абзацы "автомобиль" деген сөздүн алдында "жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарында, анын ичинде" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 11.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230008305/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>