Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 „Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 3-июну № 291 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жарандарды жалпы жарандык паспорт менен документтештирүү бөлүгүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин ID-картаны тариздөөгө документтерди кабыл алуусун тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы — паспорту (ID-карта) жөнүндө жободо:
- 3-пунктта:
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "аяктаган датасы;"; жыйырма алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "аяктаган датасы;"; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жободо:
- 3-пункттун экинчи сүйлөмү "Арыз ээсинин каалоосу боюнча" деген сөздөрдөн кийин "же" деген сөз менен толукталсын;
- 9-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- туулган жери;"; жогоруда аталган токтом менен бекитилген ID-картага жана жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада:
- 29-пункттагы "21, 24-28" деген сөздөр "21, 24-28-пункттарын кошпогондо, 20, 22, 23" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 43 (3596) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө Нускама (Кыргыз Республикасынын…Инструкция · 12.04.2024 · № 167
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167…Положение · 12.04.2024 · № 167
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2024-жылдын…Положение · 12.04.2024 · № 167
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери…Постановление · 12.04.2024 · № 167