Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтому менен бекитилди)
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июнундагы № 291 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) (мындан ары - Идентификациялык карта) - Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документ.
Идентификациялык карта Кыргыз Республикасынын менчиги, Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун типтеринин бири болуп саналат, ал эми анын ээси Кыргыз Республикасынын коргоосуна алынат. Идентификациялык карта Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде колдонулат. Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан санариптик форматта "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу жетүүгө мүмкүндүк берилген идентификациялык карта юридикалык күчкө ээ жана физикалык форматтагы идентификациялык картанын номиналдык тибиндеги документке барабар болуп саналат.
2. Идентификациялык карта Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына 16 жашка толгондо белгиленген форма боюнча арыз бергенде, он жылдык мөөнөткө берилет.
2-глава. Идентификациялык картанын (ID-карта) техникалык мүнөздөмөлөрү
3. Идентификациялык карта төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
- текст түрүндө:
фамилиясы, аты; атасынын аты (болсо); жынысы; жарандыгы; туулган датасы; документтин номери; берилген күнү; аяктаган датасы; туулган жери; идентификациялык жеке номери (жеке номер); документти берген органдын коду; ээсинин колу; ээсинин бетинин ак-кара сүрөтү; этностук тиешелүүлүгү (арыз ээсинин каалоосу боюнча); идентификациялык жеке номердин жана документтин номеринин штрих-коддору; электрондук чип;
- машина менен окула турган түрдө - машина менен окула турган зона;
- электрондук чипте:
фамилиясы, аты; атасынын аты (болсо); жынысы; жарандыгы; туулган датасы; аяктаган датасы; туулган жери; идентификациялык жеке номер (жеке номер); документти берген органдын коду; ээсинин бетинин түстүү сүрөтү, эки колунун манжаларынын папиллярдык издеринин графикалык түзүлүшү, ээсинин өз колу менен койгон колтамгасы. Идентификациялык картада көрүүсү начар адамдар үчүн (ээсинин каалоосу боюнча) Брайл шрифтинде тактилдик текст болушу мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июнундагы № 291 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери…Постановление · 12.04.2024 · № 167
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.