Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы «Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү» долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы «Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү» долбоору боюнча Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 23-майы № 267-т Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Эл аралык келишимдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. 2024-жылдын 16-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоору боюнча Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн макулдашууларды аткарууга жооптуу болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-майындагы № 267-т тескемеси менен жактырылды
2024-жылдын 16-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоору боюнча Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2024-жылдын 16-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоору боюнча Гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык макулдашуулардын долбоорлору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 6-3311/24 чечими; Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 6-3315/24 чечими; Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 6-3075/24 чечими) тарабынан жактырылды. Макулдашуулардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 157-т тескемеси менен жактырылган, ага ылайык 2024-жылдын 16-апрелинде Вашингтон шаарында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууга жана Гранттык макулдашууга кол коюунун расмий аземи болуп өткөн. "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоорунун өнүктүрүү максаты айрым агроазык-түлүк кластерлеринин өндүрүмдүүлүгүн жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу, ошондой эле белгиленген критерийлерге ылайык кризис же өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда, аларга ыкчам жана натыйжалуу жооп кайтаруу. Долбоордун милдети да үрөнчүлүк жана асыл тукум мал чарба секторун улуттук деңгээлде колдоо болуп саналат. Сунушталган долбоор Кыргыз Республикасында кошумча наркка агроазык-түлүк тизмектеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулата турган климаттык оптималдаштырылган жана заманбап технологияларды киргизүүдө өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жолундагы негизги тоскоолдуктарды жоюу бөлүгүндө улуттук жана тармактык өнүктүрүү программаларына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин артыкчылыктарына ылайык келет. Сунушталган долбоор эки агроазык-түлүк кластерине колдоо көрсөтө алат: Чүй, Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы сүт жана багбанчылык кластерлерине. Долбоордун жогорку деңгээлдеги натыйжасы болуп өлкөдө негизги тармактык чектөөлөрдү жоюуга багытталган агроөнөр жай комплексинин өкмөттүк программасына түздөн-түз жооп катарында агроазык-түлүк кластерин өнүктүрүүнү колдоо жолу менен өлкөдө азык-түлүк коопсуздугуна көмөк көрсөтүү саналат, анын ичинде: 1) финансыларга жетүү мүмкүндүгү; 2) аз өндүрүмдүүлүк; 3) айыл чарба жүргүзүүнүн эскирген жана эмгекти жана ресурсту көп талап кылган методдору; 4) сапаты төмөн тамак-аш жана чектелген кошумча нарк; жана 5) атаандаш рынокторго жетүүнүн чектелгендиги. "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоорун ишке ашырууга финансылык каражаттар Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) тарабынан берилет. Долбоордун суммасы - 35 млн. АКШ доллары; жеңилдетилген кредит (ЭӨА) - 30,0 млн. АКШ доллары; кредиттин мөөнөтү - 12 жыл; жеңилдетилген мезгил - 6 жыл; пайыздык ставка - жылдык 0,0%; төлөмдөрдүн саны - жылына 2 жолу; Грант (GAFSP) - 5,0 млн. АКШ доллары. Алдын ала эсептөөлөр боюнча бул долбоордун элементи грант 36,09%ды түзөт, карыз алуунун бул шарттары жеңилдетилген деп эсептелет. Долбоорду мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан кошо каржылоо каралган эмес. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 2024-2029-жылдар (5 жыл). Макулдашууларды ишке ашыруу 2030-жылдын 15-июлунан тартып Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) 30,00 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү кредитин төлөөдө республикалык бюджеттен финансылык чыгымдарга алып келет. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) кредиттик каражаттарынын эсебинен алынган субсидиардык кредиттер амортизацияланат жана ЭӨА кредитин тейлөө жана төлөө үчүн катышуучу финансылык институттар тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төлөнөт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Макулдашуулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Макулдашууларды ратификациялоо кандайдыр бир терс социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021