Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз ХIV сессиясынын Жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз ХIV сессиясы
2024-жылдын 11-апрели № 14/9 Жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126 тескемесин талаптарынын негизинде Кочкор айылынын Б.Исакеев көч. №84/2 дарегинде №№361, 457, 461-контурларында жайгашкан 2 га муниципалдык менчиктеги “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясындагы жер аянтын "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын сунушу туралуу маалыматын угулуп, талкуулап, жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 30,33,34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылынын Б.Исакеев көч. №84/2 дарегинде №№361, 457´, 461-контурларында жайгашкан 2 га муниципалдык менчиктеги “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясындагы жер аянтын "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кочкор айылынын Б.Исакеев көч. №84/2 дарегинде №№361, 457´, 461-контурларында жайгашкан 2 га муниципалдык менчиктеги жер тилкесинин багытын өзгөртүгө макулдук берилген тиешелүү документти жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жана тийиштүү органдарга жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүү Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төраганын орун басары
Н. Сакыева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.