Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн түзүлгөн иш планына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Терек- Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү II сессиясынын 2024-жыл 29-марты №5
“Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн түзүлгөн иш планына толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу жарлыгына ылайык толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү айылдык кеңештин катчысы Б.Анарбаеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024--жылга карата түзүлгөн иш планына толуктоолор киргизилүү менен бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешине жүктөлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык маселелер, маданият, спорт, жаштар иштери жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:
Эргешов К.М.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин…Временное положение · 07.02.2024 · № 24
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Күчүн жоготкон