Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаарында өткөрүлө турган административдик-аймактык реформа боюнча» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАРА-БАЛТА ШААРДЫ КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 10-ноябрь № 02
Кара-Балта шаарында өткөрүлө турган административдик-аймактык реформа боюнча Кыргыз Республикасынын “Административдик аймактык түзүлүш” мыйзамынын 6, 12-беренелерине ылайык, Кара-Балта шаарында административдик-аймактык реформа өткөрүү максатында, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл районунун Красный-Восток айыл аймагынын Калинин айылын, Гидропартия жана Индом жер участокторун Кара-Балта шаарына кошуу маселеси колдоого алынсын.
2. Кара-Балта шаарынын аталышы өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Административдик борбору Кара-Балта шаары болуп эсептелсин.
4. Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттардын курамы жана ыйгарым укуктары өзгөрүүсүз калат.
5. Жайыл районунун Красный-Восток айылдык кеңешинин депутаттардын курамы жана ыйгарым укуктары өзгөрүүсүз калсын.
6. Кара-Балта шаары областтык маанидеги шаар категориясына киргизилсин.
7. “Кара-Балта шаарынын чек арасын өзгөртүү жөнүндө” Кара – Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-октябрындагы № 01 Токтому күчүн жоготту деп табылсын.
8. Ушул токтом Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй - Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн өзүмө калтырам.
Кеңештин төрагасы
М. Дуйшеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-октябрындагы № 01 "Кара-Балта шаарынын чек арасын өзгөртүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.10.2023 · № 01 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 65
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-октябрындагы № 01 "Кара-Балта шаарынын чек арасын өзгөртүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.10.2023 · № 01 · Күчүн жоготкон