Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаарынын чек арасын өзгөртүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кара-Балтинского городского кеңеша от 10 ноября 2023 года № 02 "По проведению административной-территориальной реформы в городе Кара-Балта"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-11-10.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 02 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 30-октябры № 01 Кара-Балта шаарынын чек арасын өзгөртүү жөнүндө Кара-Балта шаардык кеңешинин регламентинде каралган чечимдерди кабыл алуу тартиби бузулгандыктан, ошондой эле бул маселе бир гана туруктуу депутаттык комиссиянын отурумунда каралгандыгын эске алуу менен, жергиликтүү жамааттын катышуусу менен коомдук угуулар өткөрүлбөгөндүгүнө байланыштуу «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинде жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинде көрсөтүлгөн, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинде каралган маалымкат-негиздеме жана эксперттик корутундулар берилбегендигине байланыштуу, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Красно-Восток айыл аймагынын Калининское айылын шаарга кошуу жолу менен Кара-Балта шаарынын чек арасын өзгөртүү боюнча Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын сунушу четке кагылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясына
Кеңештин төрагасы
М. Дуйшеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 65
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 02 "Кара-Балта шаарында өткөрүлө турган административдик-аймактык реформа боюнча" токтомуПостановление · 10.11.2023 · № 02