Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Нью-Дели шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 21-ноябры № 712-т Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-жылдын 4-июлунда Нью-Дели шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Меморандумду ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 712-т тескемеси менен жактырылган
2023-жылдын 4-июлунда Нью-Дели шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Шанхай кызматташтык уюмунун Хартиясынын 13-беренесине, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 2010-жылдын 11-июнундагы чечими менен бекитилген Шанхай кызматташтык уюмуна жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу тартиби жөнүндө жобонун 2.3-пунктуна, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 2014-жылдын 12-сентябрындагы чечими менен бекитилген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин статусун берүү тартибинин I бөлүгүнүн 7-пунктуна, Беларусь Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчөлүк берүү жөнүндө 2022-жылдын 29-июнундагы расмий кайрылуусуна, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Беларусь Республикасын Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алуу жол-жоболорун баштоо жөнүндө 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 7 чечимине ылайык Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумдун долбоорун макулдашуу жана кол коюу боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумга ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 2023-жылдын 4-июлундагы жыйналышынын жыйынтыгында кол коюлган. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумдун долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 78 тескемеси менен жактырылган. Ушул Меморандум Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Меморандум Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Меморандумду ратификациялоо финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги ПТ № 78 "Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын…Распоряжение · 26.04.2023 · № 78