Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 10.05.2024 редакциясы
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун биринчи абзацында "республика боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
2) 5-статьяда:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Юридикалык жакты түзбөстөн өзүнүн ишин жүзөгө ашыруучу, 1 гектарга барабар жана андан ашык жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бөлүгүнө ээ болгон дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 6 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 3 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартипте жүзөгө ашырылат.";
б) 4-пунктта "ушул статьянын 2-пунктунда" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Мыйзамдын 11-статьясынын 11-пунктунда" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 51-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацы "5-статьясынын 2-пунктуна" деген сөздөрдөн кийин ", 11-статьясынын 11-пунктуна" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 7-статьяда:
а) 2-пункт "5-статьясынын 2-пунктуна" деген сөздөрдөн кийин ", 11-статьясынын 11-пунктуна" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-пунктта:
- биринчи абзацтын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- биринчи жана экинчи абзацтар "5-статьясынын 2-пунктуна" деген сөздөрдөн кийин ", 11-статьясынын 11-пунктуна" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 8-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн бөлүштүрүү Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү ушул Мыйзамга ылайык төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт:
1. Иш берүүчүдөн:
а) 2-статьянын 1-пунктуна, 3-статьянын "а" пунктуна, 4-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү (текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн кызматкерлерин кошпогондо):
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз;
б) 4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз;
в) 6-статьянын 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 3,75 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 1 пайыз;
г) 21-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 0,85 пайыз;
д) 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 2 пайыз;
е) 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 1 пайыз;
- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 1 пайыз.
2. Кызматкерден (ушул Мыйзамдын 111-статьясында көрсөтүлгөн кызматкерлерди кошпогондо):
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасынын экинчи абзацына, 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "б" пунктчасынын экинчи абзацына, 4-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 51-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү (текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн кызматкерлерин кошпогондо):
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;
б) 21-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;
в) 2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацына, 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацына, 3-статьянын "в" пунктуна, 4-статьянын 2-пунктунун "в" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 2 пайыз;
г) 21-статьянын 1-пунктунун "г" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 2 пайыз;
д) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 4 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;
e) 71-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз.
3. Ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасынын жетинчи абзацына, 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "б" пунктчасынын жетинчи абзацына, 4-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
б) 2-1-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;
в) 3-статьянын "б" пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 9,5 пайыз;
г) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 6 пайыз;
д) 71-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз.
4. Ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "б" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:
а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасынын алтынчы абзацына, 22-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "б" пунктчасынын алтынчы абзацына, 5-статьянын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
б) 21-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;
в) 2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 3-статьянын "в" пунктуна, 4-статьянын 2-пунктунун "в" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 2 пайыз;
г) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 4 пайыз;
д) 71-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз.
5. 5-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчыларынан жана мүчөлөрүнөн жана жеке жактардан:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 3 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 2 пайызы.
6. Жеке ишкерден:
а) 6-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзацына, 7-статьянын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8,75 пайыз;
б) 6-статьянын 1, 21-пункттарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 89,75 пайызы;
в) 7-статьянын 4-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 90 пайызы.
7. 51 статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнөн:
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 3 пайыз;
- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 2 пайызы.";
7) 10-статьяда:
а) 1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө (ушул статьянын 11-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо) каалагандай өлчөмдө, бирок Пенсиялык фондго орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 8 пайызынан кем эмес же фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүү менен орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 10 пайызынан кем эмес жүзөгө аткарылышы мүмкүн:";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө каалагандай өлчөмдө, бирок Пенсиялык фондго орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 4 пайызынан кем эмес же Пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын бөлүштүрүү менен орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 6 пайызынан кем эмес - 4 пайыз жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз бөлүштүрүү менен төмөнкү жактар тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн:
а) юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашырган, 1 гектардан аз жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бөлүгүнө ээ болгон же аны ижарага берүүдөн киреше алган дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары, мүчөлөрү;
б) 1 гектардан аз жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бөлүгүнө ээ болгон же аны ижарага берүүдөн киреше алган жеке жактар.";
8) 11-статьяда:
а) статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Юридикалык жакты түзбөстөн, 1 гектардан аз жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бөлүгүнө ээ болгон дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.";
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик жүргүзгөн I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8, 13-бөлүктөрүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган I жана II топтогу майыптар, ошондой эле жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бөлүгүнө ээ болгон I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.";
9) 111-статьянын "а" пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) 1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркек жана 1969-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн аял кызматкерлер;";
10) 12-статья төмөнкүдөй мазмундагы 14-17-пункттар менен толукталсын:
"14. Иш берүүчүлөр тарабынан кызматкердин 14 жашка чейинки балдарына (багуусундагыларга) берилүүчү жаңы жылдык белектер түрүндөгү кирешелер.
15. Утуштар түрүндө алынган кирешелер.
16. Эл аралык конкурстарга, фестивалдарга катышуудан сыйлыктар жана байгелер түрүндө алынган суммалар.
17. Шайлоо кампаниясын же референдум өткөрүү учурунда үгүттөөчү, байкоочу, ишенимдүү адам, ыйгарым укуктуу өкүл катары иштөөдөн алынган кирешелер, сый акылар же суммалар.";
11) 13-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Иш берүүчүлөр тарабынан кызматкерлер үчүн төлөнүүчү ушул Мыйзамдын 2, 21-статьяларында, 22-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү орточо айлык эмгек акынын 60 пайызынан эсептелген суммадан кем болушу мүмкүн эмес. Мында кызматкер үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, алуу жана төлөө иш берүүчү тарабынан иш жүзүндө эсептелген эмгек акысынан жүргүзүлөт.";
12) 141-статьянын 1 жана 2-пункттарындагы "6-статьянын 1 жана 21-пункттарында" деген сөздөр "5-статьянын 2-пунктунда, 6-статьянын 1, 21-пункттарында, 10-статьянын 11-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 10.05.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230005786/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>