Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алуу тууралуу) Тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 8-майы № 217-т
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесинин 1-бөлүгүнүн 16-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн катынын негизинде 2016-жылы чыгарылган, кузовунун № ADNCDUD22Z0052311, кыймылдаткычынын көлөмү 2389 см3, ак түстөгү "NISSAN NP300 Hardbody" маркасындагы автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосунда жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин (мындан ары - Департамент) оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Департамент ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана баалоо жүргүзсүн.
4. Бул тескемени ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Департамент тарабынан тиешелүү жылга бекитилген чыгымдардын сметасынын эсебинен каржыланат.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52