Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Кимсанбаевич Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-апрели № 39
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Кимсанбаевич Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мадумаров Адахан Кимсанбаевичке карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 400, 426-беренелерине ылайык 2024-жылдын 26-апрелинде мыйзамдуу күчүнѳ кирген Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы ѳкүмүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-берененин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-берененин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-берененин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна, 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 134-берененин 1-бѳлүгүнүн 8-пунктуна, 2, 4-бѳлүктѳрүнѳ, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4,8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин күбөлүгү анык эмес деп табылсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (6)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон