Логвиненко айыл аймагынын Логвиненко айылдык кеңешинин «Логвиненко айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар Бирикмесинин 2023-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 25-январы № 75/XXI-28 Логвиненко айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар Бирикмесинин 2023-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө Логвиненко айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” маалыматын карап.Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4 беренесинин негизинде, Логвиненко айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушунун 10.01.2022 жылдагы №1 протоколу жана чечими жайыт жерлеринин, натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында, бекитүү жөнүндө талкуулап жана пикир алмашып Логвиненко айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2023-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөгө сунушталган бюджетин төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:
- Бодо малга - 80,0 сом бир мал башына.
- Жаш бодо малга - 65,0 сом бир мал башына.
- Жылкыга - 100,0 сомдон бир мал башына.
- Майда малга - 20,0 сом бир мал башына.
- башка айыл өкмөттөрдүн тургундарына 2023-жылга жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөм - үч эселенген төлөм.
2. ЖК төрагасынын айлык маянасы 3500 сомду түзөт. ЖКБнын бухгалтеринин айлык акысы 3000 сом. Объездчиктин айлык акысы - келишим боюнча. Эмгек акы фонду 2023-жылдын 1-мартынан 2023-жылдын 31-октябрына чейин акча каражаттарын кассага алгандан кийин чегерилет. 2023-жылга башка чыгашалар - 20 000 сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетин төрагасы Д. Бейшеналиевге жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы
К. М. Жонгучкаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон