Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 165 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтери боюнча координациялык кеңештин (мындан ары - Координациялык кеңеш) ишинин тартибин аныктайт.
2. Координациялык кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Координациялык кеңеш мамлекеттин же өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программасынын максаттуу багыттарына жетүүгө багытталган стратегиялык документтерди кабыл алуу же кабыл алууну четке кагуу жөнүндө баалоону жана консолидацияланган чечимди камсыз кылуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан координацияланган консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2-глава. Координациялык кеңештин максаттары жана милдеттери
4. Координациялык кеңештин ишинин максаттары болуп мамлекеттин же өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программасынын максаттуу багыттарына жетүүгө багытталган стратегиялык документтерди кабыл алуу же кабыл алууну четке кагуу жөнүндө консолидацияланган чечим жана баалоо саналат.
5. Координациялык кеңеш ишинин максаттуу багыттарына ылайык төмөнкүдөй милдеттердин аткарылышын камсыз кылат:
1) стратегиялык документтерди координациялоону/ишке ашырууну жакшыртуу, программалардын шайкеш келбеген учурларын кыскартуу жана жокко чыгаруу;
2) Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтерин ишке ашыруу процессин жалпы координациялоону жана башкарууну камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтерин иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик башкаруунун түзүмдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү;
4) стратегиялык пландоо документтеринин архитектурасын түзүү (максаттардын уланмалуулугун камсыз кылуучу, милдеттер жана аларды ресурстук камсыздоо боюнча балансталган, ырааттуу байланышкан стратегиялык пландоо документтеринин иерархиялык системасы);
5) стратегиялык пландоо документтерин иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана оңдоо циклинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу;
6) стратегиялык башкаруунун ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүү, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык башкаруусун илимий-методологиялык жактан камсыз кылуу;
7) стратегиялык пландоонун катышуучуларына талаптарды жана стратегиялык башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды ишке ашырууда алардын жоопкерчилигин белгилөө.
3-глава. Координациялык кеңештин функциялары
6. Координациялык кеңештин негизги функциялары:
1) Координациялык кеңештин төрагасынын жетекчилиги алдында стратегиялык башкаруунун жана бюджеттик саясаттын катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоону камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин жетекчилиги алдында жүзөгө ашырылуучу улуттук кызыкчылыктарды камсыз кылуу жана стратегиялык улуттук артыкчылыктарды ишке ашыруу максатында стратегиялык пландоо чөйрөсүндө аткаруу бийлик органдарын координациялоо жана контролдоо;
3) стратегиялык документтердин долбоорлорунун стратегиялык башкаруунун принциптерине шайкештигин кароо;
4) стратегиялык башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларынын каралган долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине корутундуларды жана сунуштарды, ошондой эле өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтердин долбоорлорун даярдоо;
5) стратегиялык пландоо документтерине, анын ичинде жаңы ички жана тышкы коркунучтардын чыгышына байланыштуу милдеттүү жана өз убагында оңдоону камсыз кылуу;
6) стратегиялык пландоону илимий-методологиялык, маалыматтык-аналитикалык жана кадрдык жактан камсыз кылууну уюштуруу;
7) стратегиялык пландоо документтеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону, аларды оңдоону уюштуруу.
4-глава. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу
7. Координациялык кеңешти төрага жетектейт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Координациялык кеңештин төрагасы болуп саналат.
8. Координациялык кеңештин төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын төраганын орун басары - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри аткарат.
9. Координациялык кеңештин мүчөлөрү жыйналыштарга жеке өздөрү катышат. Координациялык кеңештин мүчөлөрү жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда, аларды жетекчилердин орун басарларынан төмөн эмес рангдагы кызмат адамдары алмаштыра алат.
10. Координациялык кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок 2 айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт, ошондой эле төраганын сунушу боюнча Координациялык кеңештин кезексиз жыйналыштары чакырылышы мүмкүн.
11. Стратегиялык документтердин долбоорлорун Координациялык кеңештин жыйналыштарында кароо документти берген органдын жетекчисинин катышуусунда гана жүзөгө ашырылат.
12. Координациялык кеңештин чечимдери жыйналышка катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда Координациялык кеңештин төрагасы добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет. Кворум Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн кеминде 2/3 добушун түзүүгө тийиш. Координациялык кеңештин чечимдери протокол менен таризделет, ага Координациялык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары кол коёт.
5-глава. Координациялык кеңештин катчылыгы
13. Координациялык кеңештин ишин катчылык - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги камсыз кылат, төмөнкүлөр анын функциялары болуп саналат:
1) Координациялык кеңештин уюштуруу-техникалык жана маалыматтык-аналитикалык ишин камсыз кылуу;
2) Координациялык кеңештин жыйналыштарын уюштуруу жана өткөрүү;
3) Координациялык кеңештин чечимдерин аткаруу процессин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;
4) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес-коомчулук, эл аралык уюмдар жана башка кызыкдар тараптар менен Кыргыз Республикасын стратегиялык пландоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
5) мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуунун бирдиктүү стандартын киргизүү;
6) мамлекеттик стратегиялык документтердин реестрин түзүү жана жүргүзүү.
14. Катчылык пландалган жыйналыш башталганга чейин 5 жумуш күн мурда (шашылыш жыйналыш болгон учурда - эки жумуш күн мурда) Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө чакыруу кагаздарын жиберет жана зарыл болгон материалдарды даярдайт.
15. Координациялык кеңештин катчылыгы кезектеги жыйналыш өткөрүлгөндөн кийин 7 жумуш күндүн ичинде Координациялык кеңештин жыйналышынын протоколун жиберүүнү камсыз кылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 165 "Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 12.04.2024 · № 165