Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 165
Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
Кыргыз Республикасында тиешелүү деңгээлдеги стратегиялык документтер үчүн чечимдерди кабыл алуу боюнча мамлекеттик стратегиялык башкаруунун катышуучуларынын ишин координациялоону жүзөгө ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-октябрындагы № 349 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартиби жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартибин ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтери боюнча координациялык кеңеш ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн Координациялык кеңештин ишин уюштуруучулук жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтери боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Координациялык кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары. Координациялык кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын энергетика министри; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2022-жылдын 10-октябры ПЖ № 349 " Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартиби жөнүндө" жарлыгыУказ · 10.10.2022 · № 349