Террористтик кол салуу мүмкүн болгон объекттердин терроризмге каршы коргонуу абалын аныктоого багытталган окуу-практикалык жана алдын алуу иш-чаралары жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 97 токтомуна)
Террористтик кол салуу мүмкүн болгон объекттердин терроризмге каршы коргонуу абалын аныктоого багытталган окуу-практикалык жана алдын алуу иш-чаралары жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо террористтик кол салуу мүмкүн болгон объекттердин терроризмге каршы коргонуу абалын аныктоого багытталган окуу-практикалык жана алдын алуу иш-чараларынын түрлөрүн жана өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй аныктамалар пайдаланылат:
объекттер (террористтик кол салуу мүмкүн болгон обьекттер) - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 273 "Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттердин тизмегин жана Стратегиялык жана башка объекттердин терроризмге каршы корголушунун талаптарын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттердин тизмегине (мындан ары - Объекттердин тизмеги) кирген объекттер; стратегиялык объекттер - Объекттердин тизмегинин 1-пунктунда каралган стратегиялык объекттер; окуу-практикалык иш-чаралар - объектте мүмкүн болгон терроризм актыларына, диверсияларга объекттердин даярдыгынын деңгээлин баалоо жана потенциалдуу аялуу жерлерин табуу үчүн өткөрүлүүчү иш-чаралар; алдын алуу иш-чаралары - объекттин коопсуздук кызматынын жана персоналынын мүмкүн болгон терроризм актыларын болтурбоо боюнча билим деңгээлин жана практикалык жактан даярдыгын жогорулатуу, ошондой эле мындай актылардын кесепеттерин жоюу жана минималдаштыруу максатында өткөрүлгөн теориялык жана практикалык сабактар; зачёттук убакыт - жардыруучу түзүлүштүн муляжы коюлган учурдан билдирген учурга чейинки мезгил аралыгы, мында "окуу учурундагы бузуучу" объектине кирген учурдан тартып аны тапкан учурга чейинки мезгил аралыгына барабар; иш-чараларды өткөрүүнүн календардык планы - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тийиштүү облустук, Бишкек шаардык аймактык бөлүмдөрү тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген республиканын облустарынын, Бишкек шаарынын административдик аймагынын чегинде жайгашкан объекттер үчүн тийиштүү календардык жылга карата окуу-практикалык иш-чараларды өткөрүү планы; Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары (мындан ары - УКО) - объект жайгашкан аймактагы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын аймактык бөлүмү.
2. Окуу-практикалык иш-чаралардын түрлөрү
3. Окуу-практикалык иш-чараларга "шарттуу террорист" жана "шарттуу бузуучу" кирет.
4. УКО "шарттуу террорист" окуу-практикалык иш-чарасын объектке жардыруучу түзүлүштүн (мындан ары - ЖТ) муляжын коюу жолу менен өткөрөт.
5. УКО "шарттуу бузуучу" окуу-практикалык иш-чарасын объектке жашыруун, мыйзамсыз кирүү жолу менен стратегиялык объекттерде өткөрөт.
3. Окуу-практикалык иш-чараларды өткөрүү
6. Окуу-практикалык иш-чаралар иш-чараларды өткөрүүнүн календардык планына ылайык өткөрүлөт.
7. Иш-чараларды өткөрүүнүн календардык планы ал түзүлгөн календардык жыл башталганга чейин 1 айдан кечиктирбестен бекитилет.
8. Иш-чараларды өткөрүүнүн календардык планында конкреттүү объектте окуу-практикалык иш-чара өткөрүүнүн так датасы көрсөтүлбөйт, иш-чара өткөрүлө турган квартал (жарым жыл) жана окуу-практикалык иш-чаранын түрү гана көрсөтүлөт.
9. Объекттин жетекчилиги ал түзүлгөн жылдын 1-январынан кечиктирбестен Иш-чараларды өткөрүүнүн календардык планынын ага тиешелүү бөлүгү (окуу-практикалык иш-чаранын аталышы жана аны өткөрүү мезгили) менен таанышууга тийиш.
10. УКО ар бир окуу-практикалык иш-чара боюнча өткөрүү сценарийин иштеп чыгат, иш-чараны өткөрүү объекти менен жетекчилик жана персонал таанышууга тийиш эмес.
11. Өткөрүлгөн окуу-практикалык иш-чаранын жыйынтыгы боюнча акт түзүлөт, ага объекттин жетекчилиги, ал жок учурда объекттин өкүлү жана УКО кызматкери кол коёт.
12. Өткөрүлгөн окуу-практикалык иш-чара жөнүндө акт эки нускада түзүлөт, биринчиси объекттин жетекчилигине, экинчиси иш-чаранын уюштуруучусуна берилет.
13. УКО зарыл учурда объекттин жетекчилигине аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды жөнөтөт.
14. Өткөрүлгөн окуу-практикалык иш-чаранын натыйжалары тууралуу маалыматты ал өткөрүлгөн учурдан тартып 15 жумуш күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборуна иш-чаранын уюштуруучусу жөнөтөт.
15. Мурда өткөрүлгөн окуу-практикалык иш-чарага канааттандырарлык эмес баа берилген учурда, УКО аны өткөрүү тууралуу кабарлоо бербестен жана иш-чараны өткөрүүнүн календардык планынан тышкары объектте ушундай иш-чараны кайрадан өткөрүүгө укуктуу.
16. Ушул Жобонун 15-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, бир календардык жылдын ичинде бир объектте 2ден ашпаган окуу-практикалык иш-чара өткөрүлүшү мүмкүн.
17. Окуу-практикалык иш-чараны өткөрүү учурунда адистештирилген кызматты (милиция, өрт өчүрүү, тез медициналык жардам же башка адистештирилген кызмат) чакыруу атайылап жалган деп саналбайт.
4. "Шарттуу террорист" окуу-практикалык иш-чарасын өткөрүү тартиби
18. "Шарттуу террорист" окуу-практикалык иш-чарасын өткөрүүнүн максаты объектке ЖТ муляжын өткөрүү аркылуу жүргүзүлүүчү объектинин терроризмге каршы коргонуу системасынын мүмкүн болгон терроризм актысына даярдыгынын деңгээлине баа берүү болуп саналат.
19. "Шарттуу террорист" окуу-практикалык иш-чарасы объектке ЖТ муляжын өткөрүү жана коюу жолу менен өткөрүлөт.
20. "Шарттуу террористтин" ролун түз аткаруучу УКО кызматкери да, УКО ушул максаттарда атайын тарткан башка адам да болушу мүмкүн.
21. УКО "шарттуу террористтин" ролун аткаруучуга инструктаж өткөрөт, иш-чараны өткөрүү сценарийине ылайык анын иш-аракеттер тартибин түшүндүрөт. Аны тапкан учурда объекттин күзөт кызматкерлерине (персоналына) сөзсүз баш ийүүгө тийиш экендиги милдеттүү түрдө айтылат.
22. УКО объекттеги ЖТ муляжын койгон мезгилин жана жерин сүрөткө тартуу жолу менен белгилеп алууга милдеттүү.
23. ЖТ муляжы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: контейнер (корпус), негизги дүрмөт (жардыруучу заттын имитатору), кубат алуу булагы, ишке келтирүү аспабы жана башка компоненттер.
24. УКО объектте ар бир конкреттүү учур үчүн "шарттуу террорист" окуу-практикалык иш-чарасын өткөрүү ЖТ муляжын табуунун зачёттук убактысынын мөөнөтүн белгилейт, ал объекттин өлчөмүнө жана масштабына, ошондой эле ЖТ муляжын коюу жерине жараша 30 мүнөттөн 3 саатка чейин өзгөрүлүшү мүмкүн.
25. Зачёттук убакыт, ЖТ муляжы коюлган жер, ЖТ муляжынын сүрөтү иш-чара өткөрүлө турган иш-чаранын сценарийинде милдеттүү түрдө чагылдырылууга тийиш.
26. Персонал же коопсуздук кызматы муляжды таап алган учурда укук коргоо органдарына табылга тууралуу токтоосуз билдирүүгө, билдирүү убактысын, билдирүүнү кабыл алган адамдын аты-жөнүн белгилеп алууга, ошондой эле мүмкүн болуучу жардыруунун кесепеттерин минималдаштыруу боюнча зарыл чараларды көрүүгө тийиш.
27. Объекттин персоналы же коопсуздук кызматы зачёттук убакыт ичинде ЖТ муляжын таап алган жана мүмкүн болуучу жарылуунун кесепеттерин минималдаштыруу чараларын (ЖТ муляжы табылган жайдан адамдарды эвакуациялоо) көргөн учурда, объекттин терроризмге каршы коргонуу системасы канааттандырарлык болуп эсептелет.
28. ЖТ муляжы табылбаган учурда, зачёттук убакыттан өтүп тапса же укук коргоо органдарына кабар берилбесе, өз алдынча ВУ муляжын ачса же мүмкүн болуучу жарылуунун кесепеттерин минималдаштыруу боюнча чараларды көрбөсө, объекттин терроризмге каршы коргонуу системасы канааттандырарлык эмес болуп эсептелет.
29. УКО өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгы боюнча акт түзүлөт, анда объекттин терроризмге каршы коргонуу системасына баа көрсөтүлөт.
5. "Шарттуу бузуучу" окуу-практикалык иш-чарасын өткөрүү тартиби
30. "Шарттуу бузуучу" окуу-практикалык иш-чарасын өткөрүүнүн максаты стратегиялык объектке мыйзамсыз кирүү аркылуу жүргүзүлүүчү мүмкүн болгон терроризм актысына стратегиялык объекттин терроризмге каршы коргонуу системасынын даярдыгынын деңгээлине баа берүү болуп эсептелет.
31. "Шарттуу бузуучу" окуу-практикалык иш-чарасы "шарттуу бузуучунун" жасалма документтерди колдонуу менен (документсиз) стратегиялык объектке контролдук-өткөрүү пункту аркылуу же контролдук-өткөрүү пунктунан тышкары жашыруун, мыйзамсыз кирүү жолу менен жүргүзүлөт.
32. "Шарттуу бузуучунун" ролун түз аткаруучу УКО кызматкери дагы, УКО ушул максатта тарткан башка адам да болушу мүмкүн.
33. УКО "шарттуу бузуучунун" ролун аткаруучуга инструктаж өткөрөт, анда иш-чараны өткөрүү сценарийине ылайык анын иш-аракеттер тартибин түшүндүрөт. Аны тапкан учурда объекттин күзөт кызматкерлерине (персоналына) сөзсүз баш ийүү жөнүндө көрсөтмө милдеттүү түрдө берилет.
34. "Шарттуу бузуучу" контролдук-өткөрүү пунктунан тышкары мыйзамсыз кирген учурда иш-чараны өткөрүү сценарийине "шарттуу бузуучуну" табуу үчүн зачёттук убакыт белгиленет, анда стратегиялык объекттин өлчөмүнө жана масштабына жараша 15 мүнөттөн 1,5 саатка чейин өзгөрүлүшү мүмкүн.
35. Видеоматериалдарда, видеобайкоо системаларында жана башка табуу системаларында "шарттуу бузуучунун" стратегиялык объектке кирүүсүнүн аныкталышы дагы "шарттуу бузуучу" табылды деп таанылат.
36. "Шарттуу бузуучу" табылган учурда персонал же коопсуздук кызматы укук коргоо органдарына бул тууралуу токтоосуз билдирүүгө, билдирген убакытты, билдирүүнү кабыл алган адамдын аты-жөнүн белгилеп алууга жана бузуучуну кармоо үчүн бардык чараларды көрүүгө тийиш.
37. "Шарттуу бузуучунун" стратегиялык объекттин контролдоо-өткөрүү пунктуна мыйзамсыз кирүүсү табылган (аныкталган) же зачёттук убакыт ичинде "шарттуу бузуучу" табылган учурда стратегиялык объекттин терроризмге каршы коргонуу системасы канааттандырарлык деп эсептелет.
38. "Шарттуу бузуучу" контролдук-өткөрүү пункту аркылуу стратегиялык объектке кирген, аны зачёттук убакыттан өтүп тапкан же укук коргоо органдарына билдирбеген учурда стратегиялык объекттин терроризмге каршы коргонуу системасы канааттандырарлык эмес деп эсептелет.
39. УКО өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгы боюнча акт түзүлөт, анда стратегиялык объекттин терроризмге каршы коргонуу системасына баа көрсөтүлөт.
40. Аскер бөлүктөрүнүн ичинде жайгашкан объекттерде жана туруктуу көзөмөлдү жана күчөтүлгөн күзөтүүнү талап кылган жана саатты коюу менен кароолдордун күзөтүүсүндө турган мамлекеттик органдардын башка объекттеринде (курал-жарак, ок-дарылар сакталган кампалар жана башка объекттер) "шарттуу бузуучу" окуу-практикалык иш-чарасын өткөрүүгө тыюу салынат.
6. Алдын алуу иш-чараларынын түрлөрү
41. Алдын алуу иш-чаралары объекттин коопсуздук кызматынын кызматкерлери (персоналы) үчүн өткөрүлөт жана өзүнө теориялык жана практикалык сабактарды камтыйт.
42. Теориялык сабактар - алардын терроризмге каршы аракеттенүүнү уюштуруунун негиздери боюнча теориялык билим алуу, объекттин терроризм актысына туруктуулугун жана терроризм актысынын кесепеттерин минималдаштырууга жана жоюуга алардын даярдыгын жогорулатууга багытталган мүмкүн болуучу террористтик кол салуулардан объекттерди терроризмге каршы коргонуусун жана башка билимдерди камсыз кылуу максатында объекттин коопсуздук кызматтары (персоналы) үчүн өтүлүүчү сабактар.
43. Теориялык сабактар лекция жана семинар түрүндө өткөрүлөт.
44. Лекция - теориялык билимди, маалыматты жана кайсы бир маселеге, темага, предметке түшүнүк берүүгө багытталган аудиториянын алдында оозеки сүйлөө.
45. Семинар - бул окуу формасы, анда аудитория кайсы бир маселени, теманы, предметти талкуулайт жана талдайт.
46. Практикалык сабактар - объекттин терроризм актысына туруктуулугун жана терроризм актысынын кесепеттерин минималдаштырууга жана жоюуга даярдыгын жогорулатууга багытталган, алардын иш-аракеттерин практикалык иштеп чыгуу, алган көндүмдөрүн, иш-аракеттер ырааттуулугун өркүндөтүү же теориялык билимди практикада бекемдөө боюнча объекттин коопсуздук кызматтары (персоналы) үчүн өткөрүлүүчү сабактар.
47. Практикалык сабактар машыгуу түрүндө өткөрүлөт.
48. Машыгуу - иш-аракеттерди практикалык жактан иштеп чыгуу, алган көндүмдөрдү жана иш-аракеттердин ырааттуулугун такшалтуу же теориялык билимди практикада бекемдөө процесси.
7. Алдын алуу иш-чараларын өткөрүү тартиби
49. Алдын алуу иш-чаралары иш-чараларды өткөрүүнүн календардык планынан тышкары өткөрүлөт.
50. Алдын алуу иш-чаралары объекттин коопсуздук кызматтарынын кызматкерлеринин (персоналынын) бири тарабынан берилген УКО материалдарынын негизинде теориялык сабак түрүндө өткөрүлөт.
51. Алдын алуу иш-чаралары объекттин коопсуздук кызматтары тарабынан УКО сунуштамасынын негизинде практикалык сабак түрүндө өткөрүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 273 "Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттердин тизмегин жана…Постановление · 29.05.2023 · № 273
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 97 "Террористтик кол салуу мүмкүн болгон объекттердин терроризмге каршы коргонуу абалын аныктоого…Постановление · 07.03.2024 · № 97