Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттердин тизмегин жана Стратегиялык жана башка объекттердин терроризмге каршы корголушунун талаптарын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-майы № 273
Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттердин тизмегин жана Стратегиялык жана башка объекттердин терроризмге каршы корголушунун талаптарын бекитүү жөнүндө "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин жоболорун ишке ашыруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттердин тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
- Стратегиялык жана башка объекттердин терроризмге каршы корголушунун талаптары 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору ушул токтомдо каралган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча чыгымдарды тийиштүү финансылык жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
1-тиркеме
Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон стратегиялык жана башка объекттердин ТИЗМЕГИ Терроризмге каршы корголууга тийиш болгон объекттердин тизмеги төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) мөңгүлөрдү, дарыяларды, табигый көлдөрдү, токой фонддорун, улуттук коруктар статусуна ээ токой чарбасынын объекттерин, заказниктерди, жаратылыш парктарын, өзгөчө биосфералык аймактарды, жолдорду жана көпүрөлөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде каралган стратегиялык объектилерди;
2) бир эле убакта үч жүздөн ашык адам болушу мүмкүн болгон (эл көп жүргөн жерлер) башка объекттерди:
- билим берүү жана медицина мекемелерин;
- соода, спорт, көңүл ачуу курулмаларын;
- театрларды, концерттик залдарды, стадиондорду;
- автобекеттерди;
- базарларды;
- санаторийлерди жана пансионаттарды;
- коомдук тамактануу объекттерин;
- парктарды жана эс алуу зоналарын;
- диний багыттагы объекттерди.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Стратегиялык жана башка объекттердин терроризмге каршы корголушунун Талаптары (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 273 токтомуна)Требования · 29.05.2023 · № 273
- Террористтик кол салуу мүмкүн болгон объекттердин терроризмге каршы коргонуу абалын аныктоого багытталган окуу-практикалык жана алдын алуу иш-чаралары жөнүндө жобо (Кыргыз…Положение · 07.03.2024 · № 97
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 17 февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 99
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 04.07.2022 · № 55