Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 26-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм системасында Улуттук банктын функциялары жана ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу максатында Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системаларынын ишин жөнгө салууну төмөнкүчө жүзөгө ашырат:
1) электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензия берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт;
2) төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштетүү жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга, ошондой эле маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү жагынан ишти жүзөгө ашырууга лицензияларды берет жана берилген лицензиялардын реестрлерин жүргүзөт;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүү үчүн акча которуулар системаларынын, банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системаларынын операторлорун жана электрондук акчалардын эл аралык системаларынын операторлорун/электрондук акчалардын эл аралык системаларынын эмитенттерин каттоону жүзөгө ашырат;
4) банктар аралык төлөмдөрдү жүргүзүүгө түрткү берет.
2. Ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун алкагында Улуттук банк төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) лицензиялоо (уруксат берүүчү документтерди берүү) тартибин аныктайт жана төлөм системаларынын операторлорунун акционерлерине (катышуучуларына) жана төлөм уюмдарына талаптарды белгилейт;
2) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн, ошондой эле экономикалык ченемдерди жана көрсөткүчтөрдү, талаптарды, чектөөлөрдү белгилейт;
3) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын капиталында акцияларды (үлүштөрдү) сатып алуу же болбосо босоголук катышуу тартибине талаптарды белгилейт;
4) төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун алар менен байланышкан жактар менен операцияларын жана бүтүмдөрүн жасоого карата талаптарды белгилейт;
5) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерине, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттерине талаптарды белгилейт;
6) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарын, акционерлерин/катышуучуларын терс жана кооптуу банктык практикага тартылган деп таануу тартибин аныктайт;
7) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын эсебине жана финансылык отчеттуулугуна жана тышкы аудитине талаптарды белгилейт;
8) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин, бизнес-моделин, ички контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын баалоо үчүн алардын программаларын жана пландарын, ошондой эле финансылык көйгөйлөр келип чыккан учурга финансылык жакшыртуу планын берүүнүн талаптарын жана тартибин белгилейт;
9) төлөм системаларынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын башка катышуучуларынын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
10) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Улуттук банк төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишин жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүдөй чараларды көрүүгө милдеттүү:
1) төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине талаптарды белгилөөгө;
2) төлөм системасынын категориясына жараша төлөм системасы аркылуу жүргүзүлүп жаткан төлөмдөрдүн максималдуу/минималдуу өлчөмү боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө. Чектөөлөрдү эсептөө методикасы Улуттук банк тарабынан аныкталат;
3) төлөм кызмат көрсөтүү рыногунда монополияга каршы жөнгө салууну, атаандаштыкты жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуунун алкагында талаптарды белгилөөгө;
4) маалыматтык коопсуздук, төлөм системасынын ишенимдүүлүгү, ишинин үзгүлтүксүздүгү боюнча талаптарды белгилөөгө.
4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, анын ичинде баалуу кагаздар менен эсептешүү системаларына талаптарды белгилөө жана баалуу кагаздар менен операциялар боюнча биротоло эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө алардын төлөм системалары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат.
5. Ушул Мыйзамда өзүнүн компетенциясына киргизилген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларда Улуттук банк белгилеген талаптарды төлөм системасынын бардык катышуучулары, операторлору, юридикалык жактар, ошондой эле алардын кардарлары жана аткаруу бийлик органдары аткарууга милдеттүү.";
2) 31-берененин 6-бөлүгүнүн 4-пункту "ушул Мыйзамга" деген сөздөрдөн кийин ", "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 311-берененин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөр "Банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (3)
- Банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 11.08.2022 · № 93
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндөЗакон · 21.01.2015 · № 21
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230004823/st-12" title="12-берене - Банк мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>