Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 „Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 28 июня 2024 года № 339 "Об утверждении Положения о Фонде развития и стимулирования государственных органов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-06-28.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 339 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 170 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жободо:
- 2-пункттун биринчи абзацында "жыйырма" деген сөз "элүү" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду, стратегиялык документтерди ж.б. түзүү боюнча илимий-изилдөө иштерине төлөөгө;
2) кызматтык милдеттерин аткарууда жаракат алган кызматкерлерге же каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө бир жолку жөлөкпул төлөөгө;
3) кызматкерлерди стимулдаштырууга;
4) дарылануу жана башка максаттар үчүн бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө, иш берүүчүлөр менен Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органдарынын ортосунда түзүлүүчү жамааттык келишим боюнча башка милдеттенмелерди аткарууга;
5) Министрликтин материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, Министрликтин иши үчүн арналган кызматтык автотранспортту сатып алууга жана тейлөөгө, инфратүзүмдү сатып алууга, курууга жана күтүүгө, турак жай сатып алуу үчүн кайтарылма каражаттарды берүүгө, кызматтык жайлардын ижара акысын төлөөгө;
6) компьютердик жабдууларды, программалык камсыздоону, уюштуруу техникасын, байланыш каражаттарын, комплекттөөчүлөрдү, эмеректерди сатып алууга, оңдоого жана техникалык тейлөөгө;
7) өкүлчүлүк чыгымдарына, расмий жолугушууларды, семинарларды, конференцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө, социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, сувенирлерди, эстелик жана баалуу белектерди сатып алууга;
8) Министрликтин ишине тиешелүү маселелер боюнча буклеттерди, брошюраларды жана башка адистештирилген адабияттарды, анын ичинде электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдө иштеп чыгууга, чыгарууга, сатып алууга;
9) Министрликтин кызматкерлерин, анын ичинде чет өлкөлөрдө окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууга;
10) Министрликтин өзүнүн функцияларын аткаруу максатында юридикалык жактарга жана жеке адамдарга товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө;
11) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте иш жүзүндөгү чыгымдардын ордун толтуруу бөлүгүндө иш сапар чыгымдарын төлөөгө.";
- 5-пунктта "сый акы" деген сөздөр "стимулдаштыруу" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо, ошондой эле кийинки жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 30 (3583) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын өнүктүрүү жана дем берүү фонду жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 28.06.2024 · № 339
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын…Положение · 24.12.2021 · № 343 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын өнүктүрүү жана дем берүү фонду жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 28.06.2024 · № 339
- КР 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 343 · Күчүн жоготкон