Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 28 июня 2024 года № 339 "Об утверждении Положения о Фонде развития и стимулирования государственных органов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-06-28.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 339 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489, 2023-жылдын 5-декабрындагы № 650, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 170 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду (мындан ары - Фонд) материалдык-техникалык базаны бекемдөө, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) кызматкерлеринин иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жана аларды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу максатында түзүлөт.
2. Фонддун каражаттарын каржылоо булактары жана аларды түзүүнүн тартиби
2. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин эмгек акы төлөө фондунан элүү пайыз өлчөмүндөгү чегерүүлөрдөн жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн турган республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн каржылоонун эсебинен түзүлөт.
Каражаттарды Фондго чегерүү үчүн Министрлик тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында бюджеттик каражаттар боюнча учурдагы эсеп ачылат. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 170 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Фонддун каражаттары тийиштүү жылга чыгымдардын сметасы бекитилген күндөн тартып бир айдын ичинде бөлүштүрүлөт.
3. Фонддун каражаттарын пайдалануунун тартиби
4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду, стратегиялык документтерди ж.б. түзүү боюнча илимий-изилдөө иштерине төлөөгө;
2) кызматтык милдеттерин аткарууда жаракат алган кызматкерлерге же каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө бир жолку жөлөкпул төлөөгө;
3) кызматкерлерди стимулдаштырууга;
4) дарылануу жана башка максаттар үчүн бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө, иш берүүчүлөр менен Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органдарынын ортосунда түзүлүүчү жамааттык келишим боюнча башка милдеттенмелерди аткарууга;
5) Министрликтин материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, Министрликтин иши үчүн арналган кызматтык автотранспортту сатып алууга жана тейлөөгө, инфратүзүмдү сатып алууга, курууга жана күтүүгө, турак жай сатып алуу үчүн кайтарылма каражаттарды берүүгө, кызматтык жайлардын ижара акысын төлөөгө;
6) компьютердик жабдууларды, программалык камсыздоону, уюштуруу техникасын, байланыш каражаттарын, комплекттөөчүлөрдү, эмеректерди сатып алууга, оңдоого жана техникалык тейлөөгө;
7) өкүлчүлүк чыгымдарына, расмий жолугушууларды, семинарларды, конференцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө, социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, сувенирлерди, эстелик жана баалуу белектерди сатып алууга;
8) Министрликтин ишине тиешелүү маселелер боюнча буклеттерди, брошюраларды жана башка адистештирилген адабияттарды, анын ичинде электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдө иштеп чыгууга, чыгарууга, сатып алууга;
9) Министрликтин кызматкерлерин, анын ичинде чет өлкөлөрдө окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууга;
10) Министрликтин өзүнүн функцияларын аткаруу максатында юридикалык жактарга жана жеке адамдарга товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө;
11) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте иш жүзүндөгү чыгымдардын ордун толтуруу бөлүгүндө иш сапар чыгымдарын төлөөгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 170 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Министрликтин кызматкерлерине Фонддон стимулдаштыруу жана кайтарылма каражаттарды берүү Министрлик тарабынан бекитилген мындай төлөмдөр жөнүндө жоболорго ылайык жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 170 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Фонддун каражаттарынын багытынын жана пайдалануунун конкреттүү өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри тарабынан белгиленет.
4. Эсепке алуунун тартиби жана отчёттуулук
7. Фонддун каражаттарын сарптоо чыгымдардын бекитилген сметаларына жана кирешелердин иш жүзүндө келип түшүүсүнө ылайык жүргүзүлөт.
8. Кырсыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Фонддун каражаттарын тескөөчү жана пайдалануу үчүн жооптуу болуп саналат.
9. Министрликтин бухгалтердик эсебинин тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү Фонддун каражаттарынын түзүлүшүн (келип түшүүсүн), бөлүштүрүлүшүн эсепке алууну, каражаттардын белгиленген тартипте бекитилген сметалык багыттоолорго ылайык максаттуу пайдаланылышын контролдоону жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун тескөөчүсүнө аталган каражаттар боюнча отчётторду берүүнү ишке ашырат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын өнүктүрүү жана дем берүү фонду жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 28.06.2024 · № 339
- КР 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 343 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 09.09.2022 · № 489 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 14.06.2005 · № 226 · Күчүн жоготкон