Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ала-Бука айылдык кеңешинин “Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү айыл өкмөтү жана Т.Балтагулов айылдык аймагынын Балтагулов айыл өкмөтү Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүнө кошулуу жөнүндө” токтому
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXXI-сессиясы 2024-жыл 18-январы №31/17
“Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү айыл өкмөтү жана Т.Балтагулов айылдык аймагынын Балтагулов айыл өкмөтү Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүнө кошулуу жөнүндө”
Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXXI-сессиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, токтом кылат:
1.Өрүктү айыл аймагынын Өрүктү айыл өкмөтү, Т.Балтагулов айылдык аймагынын Т.Балтагулов айыл өкмөтү жана Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүн бириктирүү жолу менен “Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтү” мекемеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаевге жүктөлсүн.
3. “Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн” мекемесине өткөрүп берүү актысы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация башчысы –акимдин 2024-жылдын 15-январындагы №11- б буйругуна ылайык жүргүзүлсүн. 4.Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырамын.
Айылдык кеңештин төрагасы:
А.Умаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Ала-Бука айылдык кеңешинин 2024-жылынын 18-январындагы №31/17Постановление · 18.01.2024 · № 31/17
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 31.03.2023 · № 178 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Күчүн жоготкон