Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 2-апрели № 124-т Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан "Ак-Моло" каолин участогунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу тиркемеге ылайык берилсин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан "Ак-Моло" каолин участогунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары
Чекиттер №
X
Y
1
13267622
4594189
2
13268150
4594167
3
13267684
4592918
4
13267437
4592945
5
13267410
4593566
Аянты 56,5 га
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 19.05.2018 · № 49
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү…Постановление · 23.08.2021 · № 148
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын…Порядок · 23.08.2021 · № 148