Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 28-чакырылышынын уюштуруу сессиясынын 2024-жылдын 29- февралындагы № 3 «Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө» токтому
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 28-чакырылышынын уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 29- февралындагы № 3 Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып жергиликтүү кенеш
токтом кылат :
1.“Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кенеши” мекемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳгү Жобонун негизинде эки айылдык кеӊеши (Тамга, Барскоон) бириккендигине байланыштуу түзүлгөн “Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
жергиликтүү кеңештин уюштуруу-укуктук формасы – мекеме.
2.Жергиликтүү кеӊештин толук фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: “Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси; -Расмий тилде: Учреждение “Местный кенеш айылного аймака Барскоон”; Жергиликтүү кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы: -Мамлекеттик тилде: “ Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” м-и; -Расмий тилде: У-е “ Местный кенеш айылного аймака Барскоон”;
2.1. Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Барскоон айылы, Искак Малаев көчөсү, үй №115.
3. Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Жобосу жаӊы редакцияда бекитилсин.
4. Тамга жана Барскоон жергиликтүү кеӊешинин өткөрүп берүү актылары бекитилсин.
5. “Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши” мекемесин Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы жергиликтүү кеӊешинин жооптуу катчысы А.Жаныгуловага милдеттендирилсин.
Мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтерди маалыматтардын анык экендиги ырасталат.
Төрага: М.Ибаков
«Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши» мекемесинин 2024-жылдын “29” февраль № 3 токтому менен бекитилген
“Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемесинин Жобосу
1. Жалпы жоболор
1.1.“Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси (мындан ары– жергиликтүү кеңеш)– тиешелүү мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Жергиликтүү кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка ченемдик актыларга жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
1.3. Жергиликтүү кеңештин уюштуру-укуктук формасы – мекеме.
1.4. Жергиликтүү кеңештин толук фирмалык аталышы:
¾ Мамлекеттик тилде: “Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси; ¾ Расмий тилде: Учреждение “Местный Кенеш Барскоонского айылного аймака”;
Жергиликтүү кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы:
¾ Мамлекеттик тилде: “Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” м-и; ¾ Расмий тилде: У-е “Местный Кенеш Барскоонского айылного аймака”;
1.5. Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ысык-Кѳл облусу, Жети-Ѳгүз району, Барскоон айылы, Искак Малаев көчөсү, үй № 115.
1.6. Мекеменин иштөө мөөнөтү чектелбейт.
1.7. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак болуп саналат. Айылдык кеңеш өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди тартууга, келишим түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, оперативдүү башкаруу укугунда негизги жана жүгүртүү каражаттарына, өз алдынча баланска, банктардагы алыш-бериш жана башка эсептерге, өзүнүн символикасы бар мөөргө, штампка жана бланктарга ээ болууга укуктуу.
2. Жергиликтүү кеңештин сессиясы
2.1. Жергиликтүү кеңештердин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп алардын сессиялары эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
2.2. Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укуктуу. Айылдык кеңеш чечимди жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
2.3. Жергиликтүү кеңештердин сессиялары ачык, кварталына кеминде бир жолу же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт. Жергиликтүү кеңештин сессиясын чакыруу жана жыйналышты өткөрүү тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
3. Жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктары
3.1. Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештери мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде маселелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
3.2. Жергиликтүү кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин объекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иш жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын отчетун угуу;
7) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
8) кеңештин регламентин кабыл алуу;
9) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
10) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануу үчүн, ошондой эле мыйзамдарга ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди бекитүү;
11) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
12) ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
13) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү;
14) бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;
17) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
4. Жергиликтүү кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
4.1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
Жергиликтүү кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, жергиликтүү кеңештин сессиясында каралышы мүмкүн эмес.
4.2. Комиссиялардын тизмегин, алардын сандык курамын жана шайлоо тартибин тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттык фракцияларынын, топторунун жана депутаттарынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш аныктайт.
4.3. Туруктуу комиссиялар тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
4.4. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишинин негизги багыттары боюнча чакан комиссияларды түзө алат.
4.5. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
4.6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ага өз милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
4.7. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, уюштуруу жана иш тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен белгиленет.
5. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
5.1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары:
1) кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелерди даярдоого катышат;
2) тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо маселелери боюнча сунуштарды кеңешке киргизет;
3) жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына контролду ишке ашырат;
4) өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн жана башка адамдарды тартууга укуктуу;
5) иш-аракеттеринин майнаптуулугун жана натыйжалуулугун аныктоо максатында жергиликтүү кеңеш кабыл алган ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү жергиликтүү кеңеш белгилеген тартипте туруктуу негизде жүргүзөт.
5.2. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнө караштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин ыкчам-чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.
6. Жергиликтүү кеңештин төрагасы
6.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
6.2. Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү укугуна депутаттык фракция же 5 депутаттан кем эмес сандагы топ ээ.
6.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана шайлоонун башка жол-жоболук маселелери айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.
6.4. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
7. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарлары
7.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары сессияда жергиликтүү кеңештин төрагасынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ичинен шайланат.
7.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда аны алмаштырат.
Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин төрагасынын алмаштырган учурда ушул Мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө компенсация алат.
7.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча бошотулушу мүмкүн.
7.4. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
7.5. Жергиликтүү кеңештин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылышат.
7.6. Депутаттын ыйгарым укуктары тийиштүү кеңештин биринчи сессиясы ачылган күндөн тартып башталат жана кийинки шайланган кеңештин биринчи сессиясы ачылган күнү бүтөт.
8. Жобого өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү тартиби
8.1. Жергиликтүү кеңештин жобосуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү, аны жаңы редакцияда бекитүү Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен белигленген тарипте жүзөгө ашырылат.
8.2. Жергиликтүү кеңештин ушул Жободо көрсөтүлбөгөн ишинин маселелери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен жөнгө салынат.
9. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
9.1. Жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктары ушул чакырылыштагы айылдык кеңештин депутаттары шайланган мөөнөт аякташына байланыштуу, ошондой эле кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылышына байланыштуу токтотулат.
9.2. Жергиликтүү кеңеш төмөнкүдөй учурларда Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда таратылышы мүмкүн:
1) тиешелүү айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес добушу менен кабыл алынган чечим боюнча;
2) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же акимдин сунушу боюнча;
3) кайра уюштурууга алып келген тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин чек аралары өзгөргөн учурда;
9.3. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими жарлыкты чыгаруу үчүн Президентке кеңештин төрагасы тарабынан жиберилет.
9.4. Административдик-аймактык бирдиктин чектерин өзгөртпөстөн анын аталышын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана жергиликтүү кеңешти таратууга алып келбейт. Президенттин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кеңешти таратуу жөнүндө жарлыгы, эгерде мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү административдик-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен чыгарылууга тийиш.
9.5. Мөөнөтүнөн мурда таратуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да таратуу жөнүндө Президенттин жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылды деп эсептелет.
9.6. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылган учурларда мүлкүнүн жана документтеринин сакталышы үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү башчысы тартат.
10. Жергиликтүү кеңешти кайра уюштуруу жана жоюу
10.1. Жергиликтүү кеңешти кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
10.2. Жергиликтүү кеңештин иши токтотулган учурда анын документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Төрага М.Ибаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы ПЖ № 24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин…Указ · 07.02.2024 · № 24
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Күчүн жоготкон