1-берене
Күчүндө · 02.04.2024 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 35-берененин 1-бөлүгүнүн 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот актысы менен ырасталган чечимдерди кошпогондо, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, төмөн турган прокурордун мыйзамсыз жана негизсиз чечимдерин жокко чыгарууга, иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу, кыскартуу жөнүндө токтомдорду чыгарууга;";
2) 260-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот актысы менен ырасталган кыскартылган иш боюнча өндүрүштү прокурордун кайра баштоосуна жол берилбейт.".
Берененин тексти 02.04.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230003793/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>