Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке укугун тескөө келишимин каттоонун эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 600 токтомуна)
Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке укугун тескөө келишимин каттоонун ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке укугун тескөө келишимин каттоонун эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, "Патент мыйзамы", "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" жана "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр жана кыскартуулар пайдаланылат:
1) Кыргызпатент - интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) ИМБДУ - Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму;
3) ЕАПУ - Евразия патенттик уюму;
4) евразия патенти - ойлоп табууга же өнөр жай үлгүсүнө евразия патенти;
5) өнөр жай менчик объектиси - ойлоп табуу, өнөр жай үлгүсү, пайдалуу модель, товардык белги, тейлөө белгиси, фирмалык аталыш;
6) реестр - Кыргыз Республикасынын өнөр жай менчик объекттеринин, селекциялык жетишкендиктеринин, евразия патенттеринин реестрлери;
7) коргоо документи - патент, арыз ээсинин жоопкерчилигиндеги патент, күбөлүк;
8) келишим - өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке укуктарды өткөрүп берүү (ажыратуу) жөнүндө келишим (өткөрүп берүү актысы), аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим, комплекстүү ишкердик лицензиясынын (франчайзинг) келишими жана өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишим;
9) сублицензиялык келишим - үчүнчү жактарга өнөр жай менчик объектисин, селекциялык жетишкендикти пайдаланууга лицензиаттын укук бериши;
10) комплекстүү ишкердик сублицензиясы - лицензиаттын ага берилген лицензиялык комплексти же анын бөлүгүн лицензиар менен макулдашылган же болбосо комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишиминде аныкталган шарттарда пайдаланууга уруксат берүү укугу;
11) лицензиар - өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке укуктун ээси;
12) лицензиат - өнөр жай менчик объектисин, селекциялык жетишкендикти пайдаланган жеке же юридикалык жак;
13) арыз ээси - өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке укуктун ээси же болбосо келишим түзүүчү тараптардын бири же алардын өкүлдөрү;
14) өтүнмө - келишимди каттоо жөнүндө арыз жана келишимди каттоо жөнүндө арызга тиркелүүчү документтердин комплекти;
15) арыз - келишимди каттоо жөнүндө арыз;
16) Мадрид Монитор маалыматтар базасы - ИМБДУнун Мадрид системасынын алкагында катталган эл аралык товардык белгилер боюнча маалыматтардын комплекстүү топтомун камтыган, издөө функциясы бар маалыматтар базасы.
3. Кыргызпатентте төмөнкүлөр катталууга тийиш:
1) Кыргыз Республикасында корголуучу өнөр жай менчик объекттерине укуктарды өткөрүп берүү келишимдери;
- ойлоп табуулар;
- пайдалуу моделдер;
- өнөр жай үлгүлөрү;
- товардык белгилер жана тейлөө белгилери жана селекциялык жетишкендиктер;
2) ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн өнөр жай менчик объекттерин жана селекциялык жетишкендиктерди пайдалануу укугун берүү жөнүндө лицензиялык келишимдер;
3) комплекстүү ишкердик лицензиясынын (франчайзинг) келишимдери;
4) өнөр жай менчик объекттерине укуктардын күрөөсүнүн келишимдери;
5) сублицензиялык келишимдер;
6) комплекстүү ишкердик сублицензиялары;
7) мазмуну боюнча ушул пункттун 1-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн келишимдерге ылайык келген башка келишимдер;
8) ушул пунктта көрсөтүлгөн, катталган келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кошумча макулдашуулар;
9) ушул пунктта көрсөтүлгөн, катталган келишимдерди бузуу жөнүндө кошумча макулдашуулар.
2. Келишимди каттоо үчүн берилүүчү документтер
4. Келишимди каттоо үчүн Кыргызпатентке ушул Эрежелердин 1, 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча арыз катталууга тийиш болгон келишимдин түрүнө жараша бир нускада берилиши керек.
Арызга келишим түзгөн тараптардын бири же ыйгарым укуктары тийиштүү түрдө таризделген анын өкүлү кол коёт.
5. Арызга келишимдин түрүнө жараша төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
1) документ чыккан өлкөнүн мыйзамдары боюнча күбөлөндүрүлгөн укуктарды өткөрүп берүү келишими (түп нуска), келишимдин көчүрмөсү же анын көчүрмө бөлүгү үч нускада (алардын ичинен экөө көчүрмөлөр болушу мүмкүн).
Укуктарды өткөрүп берүү келишими төмөнкүдөй негизги шарттарды камтууга тийиш:
- келишимдин предмети;
- өткөрүп берилүүчү укуктардын көлөмү;
- келишимдин тараптарын жана алардын юридикалык даректерин көрсөтүү;
- тараптар зарыл деп эсептеген башка шарттар;
2) документ чыккан өлкөнүн мыйзамдары боюнча күбөлөндүрүлгөн лицензиялык келишим (түп нуска), лицензиялык келишимдин көчүрмөсү же анын көчүрмө бөлүгү үч нускада (алардын ичинен экөө көчүрмөлөр болушу мүмкүн).
Лицензиялык келишим төмөнкүдөй негизги шарттарды камтууга тийиш:
- келишимдин предмети;
- өткөрүп берилүүчү укуктардын көлөмү;
- укук өткөрүп берилген аймак;
- келишимдин колдонулуу мөөнөтү;
- келишимдин финансылык шарттары;
- келишимдин колдонулушун токтотуунун шарттары;
- келишимдин тараптарын жана алардын юридикалык даректерин көрсөтүү;
- тараптар зарыл деп эсептеген башка шарттар;
3) документ чыккан өлкөнүн мыйзамдары боюнча күбөлөндүрүлгөн комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишими (түп нуска), комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишиминин көчүрмөсү же анын көчүрмө бөлүгү үч нускада (алардын ичинен экөө көчүрмөлөр болушу мүмкүн).
Комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишими төмөнкүдөй негизги шарттарды камтууга тийиш:
- келишимдин предмети;
- келишимдин финансылык шарттары;
- келишимдин колдонулушун токтотуунун шарттары;
- келишимдин тараптарын жана алардын юридикалык даректерин көрсөтүү;
- тараптар зарыл деп эсептеген башка шарттар;
4) күрөө келишими төмөнкүдөй негизги шарттарды камтууга тийиш:
- күрөө жөнүндө келишимдин колдонулуу мөөнөтү;
- өнөр жай менчик объектисин пайдаланууда күрөө берүүчүнүн укуктарынын чектелиши;
5) коргоо документинин көчүрмөсү же өнөр жай менчик объекттеринин маалыматтар базаларынан басып чыгарылган көчүрмө.
Эл аралык товардык белгиге карата келишимди каттоодо Мадрид Монитор маалыматтар базасынан басып чыгарылган көчүрмө берилет. Евразия патентине карата келишимди каттоодо ЕАПВнын евразия патенттеринин реестринен басып чыгарылган көчүрмө берилет;
6) келишимди каттоо үчүн алым төлөгөндүгүн ырастаган документ.
Белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөндүгүн ырастаган документ арыз менен бирге берилбесе, арызды кароо жүргүзүлбөйт;
7) укук ээсинин мураскору же укуктук мураскору болуп эсептелген арыз ээсинин укугун ырастаган, тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсү;
8) эгерде укук ээси тарабынан келишимди каттоо боюнча иш жүргүзүү үчүн өкүл дайындалса, документ чыгарылган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте таризделген ишеним кат;
9) сублицензиялык келишимди, комплекстүү ишкердик сублицензияны каттаган учурда тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн негизги келишимдин көчүрмөсү.
Товардык белгиге карата лицензиялык келишим, франчайзинг келишими лицензиаттын товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты лицензиардын товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатынан төмөн болбошу керектиги тууралуу шарттарды камтышы керек жана лицензиар бул шарттардын аткарылышы үчүн контролду жүзөгө ашырат. Лицензиялык келишим, франчайзинг келишими түзүлгөн мөөнөт өнөр жай менчик объектисин, селекциялык жетишкендикти укуктук коргоонун колдонулуу мөөнөтүнөн ашпашы керек. Лицензиялык келишим, комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишими лицензиялык комплекске кирген өзгөчө укуктар токтогон учурда токтотулат. Эгерде лицензиялык келишимде башкача каралбаса, лицензия өзгөчө эмес деп эсептелет. Комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишими белгилүү көлөмдө лицензиардын лицензиялык комплексин, иштиктүү репутациясын жана коммерциялык тажрыйбасын пайдаланууну караштырышы мүмкүн (анын ичинде пайдалануунун минималдык жана (же) максималдык көлөмүн белгилөө менен). Комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишими боюнча тараптар ишкер катары катталган коммерциялык уюмдар жана жараңдар гана боло алышат. Лицензиялык келишимдин, франчайзинг келишиминин колдонулуу мөөнөтүнөн ашык мөөнөткө түзүлгөн сублицензиялык келишим, комплекстүү ишкердик сублицензиясы лицензиялык келишимдин, франчайзинг келишиминин колдонулуу мөөнөтүнө түзүлгөн деп эсептелет.
6. 1891-жылдын 14-апрелиндеги Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусунун (мындан ары - Мадрид макулдашуусу) жана (же) 1989-жылдын 28-июнундагы Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна Протоколдун (мындан ары - Протокол) жол-жоболоштуруусу боюнча катталган, Кыргыз Республикасында корголгон товардык белгилерди пайдаланууга укуктарды караштырган лицензиялык келишимдерди каттоо улуттук жол-жоболоштуруу боюнча катталган, Кыргыз Республикасында корголгон товардык белгилерди пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимдер жана франчайзинг келишимдери үчүн ушул токтом менен белгиленген тартипте катталат.
7. Ушул Эрежелердин 6-пунктунда көрсөтүлгөн товардык белгилерге укуктарды өткөрүп берүү келишимин каттоо Мадрид макулдашуусуна жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (мындан ары - ИМБДУ) Эл аралык бюросунун Протоколуна жалпы нускамага (мындан ары - Жалпы нускама) ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Евразия патенти менен корголгон, колдонулушу 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына (мындан ары - Евразия патенттик конвенциясы) жана Евразия патенттик конвенциясына Патенттик нускамага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына жайылтылган ойлоп табууларды, өнөр жай үлгүлөрүн пайдалануу укугун берүү жөнүндө лицензиялык келишимдер, ошондой эле ушундай лицензиялык келишимдердин олуттуу шарттарын камтыган башка келишимдер Кыргыз Республикасынын патенти менен корголгон ойлоп табууларды, өнөр жай үлгүлөрүн пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимдер үчүн ушул токтом менен белгиленген тартипте катталат.
9. Евразия патенттик конвенциясына жана Евразия патенттик конвенциясына Патенттик нускамага ылайык ойлоп табууга жана өнөр жай үлгүлөрүнө евразия патентине укуктарды өткөрүп берүү жана күрөө келишимдери Евразия патенттик уюмунда катталат.
10. Арыз жана ага тиркелген документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет. Эгерде документтер башка тилде берилсе, аларга мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелет. Чет өлкөлүк адамдардын аты-жөнү жана ишканалардын аталыштары кыргыз же орус транслитерациясында көрсөтүлүшү керек. Котормонун тактыгы үчүн арыз ээси жоопкерчилик тартат.
11. Арыз жана ага тиркелүүчү документтер арыз ээси тарабынан Кыргызпатентке түздөн-түз берилет же почта аркылуу жөнөтүлөт.
3. Келишимди карап чыгуу жана каттоо
12. Кыргызпатентке арыз түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде өтүнмөдө ушул Эрежелердин 5-пунктунда каралган документтердин бар экендиги жана аларды тариздөөнүн Кыргызпатент аныктаган талаптарынын сакталышы текшерилет.
13. Өтүнмөнүн документтерин карап чыгуу өтүнмөнү берген күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан жүргүзүлөт жана берилген документтердин интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келишин текшерүүнү камтыйт. Өтүнмөнүн зарыл документтери бир убакта берилбеген учурда, өтүнмөнүн берилген күнү болуп алардын акыркысы келип түшкөн күн эсептелет.
14. Катталган келишимди бузуу жөнүндө өтүнмөнүн документтерин карап чыгуу өтүнмө берилген күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде Кыргызпатент тарабынан жүргүзүлөт. Өтүнмөнүн зарыл документтери бир убакта берилбеген учурда, өтүнмөнүн берилген күнү болуп алардын акыркысы келип түшкөн күн эсептелет.
15. Эгерде өтүнмөнү карап чыгуу процессинде документтер ушул Эрежелерде каралган талаптарды бузуу менен берилди деп белгиленсе, Кыргызпатент арыз ээсине суроо-талап жиберет, анда суроо-талапты алган күндөн тартып эки айдын ичинде белгиленген кемчиликтерди жоюу зарылдыгы көрсөтүлөт. Мында ушул Эрежелердин 13, 14-пункттарында каралган өтүнмөлөрдүн документтерин кароонун мөөнөтү арыз ээси белгиленген кемчиликтерди жойгон учурга чейин токтотулуп турат.
Ушул Эрежелердин 4-пунктунда каралган документтердин биринин өтүнмөдө жок экендиги суроо-талап жөнөтүү үчүн негиз болуп эсептелет.
16. Зарылдыгына жараша арыз ээси тийиштүү өтүнүч кат бергенде жана белгиленген өлчөмдө алымды төлөгөндө, суралган документтерди берүү мөөнөтүн узарта алат. Мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат суроо-талап алган күндөн тартып эки ай өткөнгө чейин берилет.
Ушул Эрежелердин 15, 16-пункттарында каралган мөөнөттө суралган документтер же аларды карап чыгуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат берилбесе, өтүнмө боюнча иш кагаздарын жүргүзүү токтотулат жана Кыргызпатент келишимди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат. Келишимди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде келишимдин эки нускасы арыз ээсине кайтарылып берилет. Иш кагаздарынын материалдары менен келишимдин бир нускасы (түп нуска) Кыргызпатентте калат.
17. Келишимди каттоо үчүн Кыргызпатентке берилген документтер ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келген учурда келишимди каттоо жөнүндө корутунду чыгарылат.
Корутундунун негизинде Кыргызпатент ушул Эрежелердин 13-пунктунда каралган мөөнөттө келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарат. Келишимде бири бирине каршы келүүчү жоболор же Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарына каршы келген жоболор аныкталган учурда жана тараптар аларды жоюудан баш тартканда Кыргызпатент ушул Эрежелердин 13, 14-пункттарында каралган мөөнөттө келишимди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
18. Кыргызпатентте келишимдин каттоонун жоктугу алардын жараксыздыгына алып келет.
4. Катталган келишимге өзгөртүүлөрдү каттоо
19. Лицензиялык келишимди, франчайзинг келишимин жана күрөө келишимин өзгөртүүлөр төмөнкү бөлүктөрдө катталууга тийиш:
- тараптардын аныктамалары;
- келишимдин предмети;
- келишимдин колдонулуу мөөнөтү;
- келишимдин финансылык шарттары;
- келишимдин колдонулуу аймагы;
- өткөрүп берилүүчү укуктардын көлөмү;
- келишимдин колдонулушун токтотуу.
Тараптардын макулдашуусу боюнча келишимдин башка өзгөртүүлөрү да катталышы мүмкүн.
20. Кыргызпатентте келишимдеги өзгөртүүлөрдүн каттоосунун жоктугу алардын жараксыздыгына алып келет.
21. Катталган келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү каттоо жөнүндө арыз арыз ээси тарабынан ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча берилет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- кошумча макулдашуу же келишим (түп нуска) же катталган келишимге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө тараптардын макулдашуусун ырастаган документ келип чыккан өлкөнүн мыйзамдары боюнча күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмө бөлүгү (түп нускасы) үч нускада (алардын экөө көчүрмөлөр болушу мүмкүн);
- коргоо документинин көчүрмөсү, маалыматтар базаларынан басып чыгарылган көчүрмө;
- катталган келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн алымды төлөгөндүгүн ырастаган документ;
- эгерде укук ээси келишимди каттоо боюнча иш жүргүзүү үчүн өкүл дайындаса, документ келип чыккан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте таризделген ишеним кат.
Киргизилген өзгөртүүлөрдү каттоо ушул Эрежелердин 2, 3-главаларында каралган талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Өзгөртүүлөрдү каттоо жөнүндө чечим негизги келишимге тиркелет.
22. Эгерде өзгөртүүлөр келишимдин тараптарынын аныктамаларына тиешелүү болсо, берилген маалыматтардын тууралыгына жана/же аныктыгына негиздүү шектенүүлөр болсо, Кыргызпатент арыз ээсинен зарыл болгон ырастоочу документтерди суроого укуктуу.
5. Катталган келишим жана катталган өзгөртүүлөр боюнча иш жүргүзүүнүн тартиби
23. Кыргызпатент ачык жарыялангандан кийин жалпы мүнөздөгү маалыматтардан тышкары, катталуучу келишимдердин маалыматтарынын жана түзүүнүн шарттарынын купуялуулугун камсыз кылат.
Катталган келишимдин бир нускасы (түп нуска) контролдук нуска болуп эсептелет жана Кыргызпатентте сакталат.
24. Катталган келишим, ошондой эле ага катталган өзгөртүүлөр боюнча Кыргызпатент:
- өтүнмөнүн документтеринин тизимин түзөт;
- өтүнмөнүн документтерин көктөйт;
- келишимдин (өзгөртүүлөрдүн) акыркы барагынын арткы бетине каттоо номерин, каттоо датасын, келишимдин (өзгөртүүлөрдүн) жана анын тиркемелеринин барактарынын санын көрсөтүү менен келишимдин катталгандыгы жөнүндө штамп коёт. Каттоо номери келишимдин объекти жөнүндө маалыматтарды камтыйт: каттоо номерин, катталган жылын, келишимдин түрүн жана категориясын;
- арыз ээсинин (өкүлдүн) дарегине келишимди (өзгөртүүлөрдү) каттоо жөнүндө көктөлгөн чечим тиркелген коштомо катты эки нускада жиберет;
- бир айлык мөөнөттө катталган келишим же катталган өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтарды реестрге жана коргоо документине киргизет;
- катталган келишимдер жана катталган өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтарды Кыргызпатенттин расмий бюллетенине төмөнкүдөй көлөмдө жарыялайт: өткөрүлүп берилүүчү укуктардын көлөмү, келишимдин предмети, тараптардын аныктамасы, колдонулуу аймагы, колдонулуу мөөнөтү, алардын колдонулуу мөөнөтүн эрте токтотуу же мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтар;
- Евразия патенттик ведомствосуна кварталына бир жолу евразия патентин пайдалануу жөнүндө лицензиялык келишимди каттоо тууралуу кабарлайт.
Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке укугун тескөө келишимин каттоонун эрежелерине 1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) 720021, Кыргыз Республикасы Бишкек ш., Москва көчөсү, 62
_________________________________________
(аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы)
_________________________________________
Дареги __________________________________
Телефону _______________________________
Арыз
Укук ээси ___________________________________________________________
(аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы жана анын дареги)
жана укук берилүүчү _______________________________________________________
(аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы жана анын дареги)
ортосундагы _________________________________________________________
(өткөрүп берилүүчү укуктардын көлөмү жана келишимдин предмети)
___________________________________________ келишимди каттоону суранам.
(келишимдин түрү жана аталышы)
Тиркелген документтер (керектүүсүн [х] менен белгилөө керек): [ ] - _____________ нускада ____________ баракта № ________________________ тиркемелери менен _______________________________ барактан турган келишим; [ ] - өнөр жай менчик объектисине патенттин (арыз ээсинин жоопкерчилигиндеги патенттин) же күбөлүктүн көчүрмөсү же өнөр жай менчик объекттеринин маалыматтар базасынан басып чыгарылган көчүрмө; [ ] - келишимди каттоо үчүн алым төлөгөндүгү жөнүндө документ; [ ] - мураскорлукка же укук мураскорлукка укугун ырастаган документтин көчүрмөсү; [ ] - иш жүргүзүүгө ишеним кат; [ ] - негизги келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (сублицензиялык келишимди каттаган учурда).
Арыз ээси (ээлери) (кызмат орду, аты-жөнү, колу)
М.О.
Датасы
Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке укугун тескөө келишимин каттоонун эрежелерине 2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) 720021, Кыргыз Республикасы Бишкек ш., Москва көчөсү, 62
_________________________________________
(аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы)
_________________________________________
Дареги __________________________________
Телефону _______________________________
Арыз
Кыргызпатентте № _______________________________________________ ________________________________________________________________
(келишимдин керектүү түрүнүн астын сызуу керек)
катталган, лицензиялык келишимге, комплекстүү ишкердик лицензиясына, күрөө келишимине өзгөртүүлөрдү каттоону суранам. Тиркелген документтер (керектүүсүн [х] менен белгилөө керек): [ ] - катталган келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө тараптардын макулдашуусун ырастаган кошумча макулдашуу же документ; [ ] - коргоо документинин көчүрмөсү; [ ] - өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн алым төлөгөндүгү жөнүндө документтин көчүрмөсү; [ ] - иш жүргүзүүгө ишеним кат.
Арыз ээси (ээлери) (кызмат орду, аты-жөнү, колу)
М.О.
Датасы
Өнөр жай менчик объектисине, селекциялык жетишкендикке укугун тескөө келишимин каттоонун эрежелерине 3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) 720021, Кыргыз Республикасы Бишкек ш., Москва көчөсү, 62
_________________________________________
(аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы)
_________________________________________
Дареги __________________________________
Телефону _______________________________
Арыз
Өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө _______________________________________________________________ келишимди каттоону суранам. Тиркелүүчү документтер (керектүүсүн [х] менен белгилөө керек): [ ] - өнөр жай менчик объектисине патенттин көчүрмөсү же өнөр жай менчик объекттеринин маалыматтар базасынан басып чыгарылган көчүрмө; [ ] - өнөр жай менчик объектисине өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди каттоо үчүн алым төлөгөндүгү жөнүндө документ; [ ] - иш жүргүзүүгө ишеним кат.
Арыз ээси (ээлери) (кызмат орду, аты-жөнү, колу)
М.О.
Датасы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.